Menu

Түркмөн мигранты терроризмге айыпталып, аэропортто эки күн сурак берди

Бөлүшүү:

Ашхабад аэропортунда коопсуздук кызматкерлери түркмөн мигрантынын телефонун текшеришип, намаз окуп жаткан маалда тартылган сүрөттөрүн көрүп, терроризмге айыпташкан. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына кайрылган жаран билдирген.

“10-июлда мен Түркмөнстанга учтум. Аэропортто телефонумду текшеришип, кайдан келгенимди сурашты. Мен Түркияда иштеп жүргөнүмдү айттым. Намазга жыгыларымды билишкен соң, телефонумду тартып алышып, текшерип башташты”, -деди түркмөн мигранты.

Анын айтымында, телефонунда мечиттин жана өзүнүн ал жерде сыйынып жаткан сүрөттөрү болгон. Ушул негизде гана терроризмге айыпталган.

Коопсуздук кызматкерлери: “Сен террористсиңби? Сыягы, чет өлкөдөн курал-жарак ташып келесиң го. Кайсы уюмга мүчөсүң? Уюмдун атын айт, болбосо биз сени бул жерде кыйноого алабыз”, деп опузалашкан.

Мындан соң аэропортто аны эки күн кармап, андан соң гана коё беришкен.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: