Menu

Тажикстанда сим-карталарды сатууга чектөө киргизилет

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы маалымдагандай, сим-карталарды сатуу тармагы тартипке салынат.

Тажикстанда айрым дилерлер эскертүү жана айып пулдарга карабай, сим-карталарды жарандардан паспорт талап кылбастан сатып келишкен. Мындан улам Байланыш кызматы 4-январда сим-карта саткан дилерлердин лицензиясы жокко чыгарылганын маалымдады.

Мындан ары сим-карталарды мобилдик операторлордун гана кеңселеринен сатып алууга болот жана алар бул үчүн жоопкерчилик алууга даяр.

Буга чейин Тажикстанда сим-карталарды саткан 100дөй дилердик борбордун 80 пайызы жеке ишкерлерге таандык болгон. Аларга лицензияны Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы берип келген. Мобилдик байланыштар операторлорунун маалыматы боюнча сим-карталардын 80 пайызы дилердик борборлор аркылуу сатылып турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: