Menu

Казакстанда жасалма паспорт менен Сириянын жарандары кармалышты

Бөлүшүү:

Казакстан бийликтери жасалма паспорт менен Сириянын сегиз жараны кармалганын билдиришти.

Өлкөнүн Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын алтоо Алматы аэропортунан кармалган. Алар Тегерандан келип, Казакстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып, Евробиримдикке кирүүнү көздөшкөнү маалым болду. Ал эми дагы экөө Британияга чыгып кетүү үчүн Астана аэропортуна барган кезде кармалышкан.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара комитетинин кабарлашынча, кармалгандардын жанынан “жарым-жартылай жасалма” Болгариянын паспорттору чыккан. Тактап айтканда ал паспорттордун бир барагы алмаштырылып, жасалма штамптар коюлган.

Сириядагы жарандык согушта 2011-жылдан бери 300 миңдей адам курман болуп, миллиондогондор үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 8 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: