Menu

Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системасын жакшыртуу, ведомствонун ишмердигинин негизги багыттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, анын ичинде аймактардагы жетекчилердин дагы – айыл өкмөт башчыларынын, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдердин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн квалификациясын жогорулатуу жана окутуу боюнча жумушту күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдөн дагы окутуу жана квалификациясын жогорулатуу милдетин койду.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүүгө өзгөчө көңүл буруп, буга байланыштуу аларды андан аркы жумушка орноштуруу жана ар дайым квалификациясын жогорулатуу максатында Улуттук кадр резервинин иш механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Акрам Мадумаров 2018-жылы мамлекеттик аймактык структуралардын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуу пландалып жатканын маалымдады.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун маалыматына ылайык, 2018-жылдын 15-январына чейин бардык жарандар, анын ичинде мамкызматтын кызматкерлери дагы Улуттук кадр резервине андан аркы кызматка орношуу жана сөзсүз түрдө квалификациясын жогорулатуу шарттары менен документтерин тапшырса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: