Menu

Баткен ОИИБи: Аткезчилик жол менен ири көлөмдөгү кургатылган мөмө-жемиштерди жүктөп бара жаткандар аныкталды

Бөлүшүү:

Баткен облус аймагында COVID-19 илдетин алдын алууда жана аны жайылып кетпөө максатында милиция кызматкерлери чек аралаш аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Чек арада жайгашкан элдерге коопсуздук үчүн санитардык-эрежелердин туура сакталышын, үйдөн чыкпоону эскертип жүргөн учурда, Баткен районунун аймагында кыргыз жараны коңшулаш Тажик Республикасынын жарандарына мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшөт. Аталган маалымат Баткен ОИИБнын КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жоруктар Кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Баткен ОИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорудагы маалыматты текшерүү иштеринин жүрүшүндө ыкчам-иликтөө иштери уюштурулуп, 2020-жылдын 3-май күнү Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын Как-Сай участкасында атайын мыйзамсыз жүктөрдү алмаштыруу максатында тосмо менен тосулган базада, ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну коңшулаш Тажик Республикасы менен чектешкен Как-Сай участкасынын мыйзамсыз контрабанда, атап айтканда бажы көзөмөлүнөн тышкары же андан жашыруун жол менен алып өткөн кургак-мөмө жемиштерди сатуу максатында тажик мамлекетинин 2 жараны менен 4 оор жүк ташуучу унааларга жүктөп жаткан жеринен кармалышкан.

Ал эми тажик мамлекетинин 2 жараны мыйзамсыз мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келгендиги аныкталып, алардын ден соолуктарын байкоо үчүн обсервацияга жаткырылып, анализдери таза чыккан соң, убактылуу Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы 1 айлык мөөнөт тандалып алынып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Жогорудагы кармалган жүктөр Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 223-беренсинин 1-бөлүгү (экономикалык аткезчилик) менен, ал эми мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн тажик атуулдарына Кыргыз Республикасынын КЖКнын 358-беренесинин 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле 2020-жылдын 5-май күнү Кадамжай РИИБнин кызматкерлери санитардык-карантиндик посттон Кадамжай шаарынан өткөн «Ош-Исфана» автожолунда «Баткен-Ош» багытын көздөй бара жаткан «DAF» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу 3 унааны жана «VOLVO» үлгүсүндөгү 2 унааны токтотуп, айдоочуларын короновирус илдети боюнча текшерген учурда, автоунааларынын жүк салуучу бөлүгүндө кургатылган мөмө-жемиштерди аткезчилик жол менен жүктөп бара жаткандыгын аныкташкан.

Бул маалымат Кадамжай РИИБнүн маалыматты эсепке алуу журналына катталып, тиешелүү материалдар жыйналып, процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Баткен облусунун тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: