Бүгүн, 22-январда Биринчи май райондук сотунда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралбай калды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, сотко күбөлөрдүн келбей койгонуна байланыштуу сот отуруму жылып калган. Кийинкиси 29-январда болот.
Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козголгон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Былтыр, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды ал четке кагып келет. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан тұшкөндөн кийин байыган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ