Menu

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “..Эр Табылды, Курманбек баатырларды элестеткен Камчынын июнь коогалаңындагы образы элдин эсинде…”

Бөлүшүү:

– 70 жылдык коммунистик доордо биздин элде баш көтөргөндөр, дисиденттер жокко эсе болду. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында “адилеттик орноду” деп ишенип, өз алдынча ой жүгүртүп, кайчы пикир билдирген саясатчылар атылып, камалып жок кылынгандан кийин аткаминерлерибиз Маскөөнүн көзүн карап, улуу ага эсептелген орустун сөзүн сүйлөп калган.

Акыры жалпы адамзат үчүн коммунизм салуу идеясы куруп, СССР урап, минтип көз карандысыз мамлекет болуп отурабыз. Ошол коз карандысыздыкка умтулуу кезинде, анан Кыргыз Республикасы түптөлгөндөн кийин бизде жаңы типтеги саясатчылардын плеядасы пайда болду. Камчыбек Ташиев жаш саясатчы катары экинчи толкун менен келген саясатчылардын катарына кирет. Камчы өзүнүн өткүрлүгү, топ жарган кайратмандыгы, кандан бектен кайра тартпас, бетке чабар мүнөзү менен элге алынды. Аны менен бир катар өсүп чыккан жаш саясатчылардын көбү мүдүрүлүп, ташыркап, унутулуп кетти. Ал болсо эл ичиндеги кадыр баркын сактап кала алды. Жүзүн жоготкон жок.

Камчыбек Ташиевдин эл оозунан түшпөй, элдин колдоосуна ээ болуп келе жатышынын дагы бир себеби катары анын нукура кыргызча жүрүм-туруму деген да ойдомун. Азыркы заманга ылайык коом куруп, тиричилигин тындап өткөрө албай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан кыргыз эли аң-сезиминин түпкүрүндө Манас, Эр Төштүк сыяктуу эл багарларды көксөп келе жатканы ачык эле айтылып, жазылып да жүрөт. Ушундай кырдаалда Манас болбосо да, кечээги Эр Табылды, Кожожаш, Курманбек баатырларды элестеткен Камчынын июнь коогаланындагы образы элдин эсинде калгандыктан, эл аны колдоп келе жатат. Ал дагы ишенимди бийик көтөрүп, “төө минсе да, жөө жүрсө да” электораты менен кол үзүшпөй, элдин мүдөөсүн жеке мүдөөсүнөн жогору койуп келет. Ошондуктан бүгүнкү саясатчылардын ичинен эски, жаңысына карабай -“азыр шайлоого аттансам да элден колдоо табам” деп Камчыбек Ташиев гана ишенимдүү айта алат!

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: