Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
«Кыргыз Республикасы менен Молдова Республикасынын ортосундагы достук мамилелерге кошкон баа жеткис салымыңызды белгилеп кетким келет. Эки тараптуу негизде дагы, Евразиялык экономикалык бирикменин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен да кыргыз-молдова мамилелеринин ар тараптуу бекемделишине кызыкдар экенибизди билдирем», – деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Игорь Додонго бекем ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми Молдованын дос элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ