Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-майга караган күнү болжол менен саат 00:30 чамасында болгон. Анда “Деу Нексия” менен “Рено Логан” унаасы сүзүшкөн. Патрулдук милициянын унаасы “Деу Нексия” жол чырактын кызыл түсүнө карабай катуу ылдамдык менен келип сүзүп, жол унаа кырсыгына учураган.
Жол кырсыгынын натыйжасында “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана жанындагы жүргүнчүсү “Рено Логан” автоунаанын айдоочусу жана жанындагы кызматкер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жаткырылган. Азыркы учурда эки унаа тең айып короосуна токтотулуп,
жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда”, – деп билдирет басма сөз кызматынан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ