Menu

Урмат Барктабасов, коомдук ишмер: “Саясат деп жүрүп көп жакшы иштерди таштап салыптырмын”

Бөлүшүү:

Небере чоң атасын тартат
Менин атам Аскарбек, Аскарбектин атасы Саалы. Казакстанга кетип баратканда чоң апам чоң атамдын сүрөтүн салып берген. “Бир кабинетке отурасың, ошондо сүрөттү үстөлүңө коюп кой” – деп. Саалы чоң атам мамлекеттик кызматтарда көп иштептир. Билими бар адам болгон экен. Ысык-Көлдү тегеренип иштептир. Өзү аскер адамы болгондуктан ар дайым китель менен өтүк кийчү. Акыркы кызматы Кытай база деп койчу, Балыкчы шаарында жайгашыптыр. Кытайга товарлар кетип-келип турчу экен. Башынан аягына чейин чоң атам уюштуруп, чоң ишкана жасаптыр. Ошондо ушул ишкана Кыргызстанда эң чоң ишкана болуп эсептелинип, түз Москвага баш ийчү. Чоң атам Ата-Мекендик да согушка катышып келген. Борборго Фрунзеге алып кетип, чоң кызмат беребиз десе барбай койгон экен. Ысыкка эмне бар деп. Мен ошондо 5 жашта экенмин. Агам экөөбүз чоң атамдын көк волгасына түшүп алып, чыкчу эмес элек. 1968-жылы чоң атам каза болду. Эсимде Маркстан баштап Бар-Булакка чейин толтура машине, атчандар төрт катар тизилип турган эле. Ал кезде машине деле аз болчу, бирок ага карабай Москвадан бери достору келди эле. Элдин саны 6 миң кишидей болуптур. Тамакты чөптүн үстүнө тартышты. Чоң апам айтып калчу “Саалы күн-түнү менен иштечү” – деп. Неберемди карап, сен дагы ишмер бол деп кулакка салып койдум. Небере чоң атасын тартат экен деп изилдеп чыктым. Дал ушундай болот экен. Чоң апам айтып калчу “Аскарбектин атын алып, фамилияңды өзгөрт” – деп. Ошентип Аскарбеков Урматбек болуп калдым. Аскарбекти Саалынын бир тууганы Барктабас багып чоңойтуптур, ошону менен Барктабасов болуп калыптырмын.

Акча бербе, багыт бер
Ар бир адамда талант бар! Адамдын жакшы-жаманы болбойт, таланты ачылган же ачылбаган адам болот. Талант ачылганда адамда өзүнө-өзү ишеним жаралат. Күчтүү экенин сезет. Мүнөзү өзгөрүп, мен да бул дүйнөгө салымым болот экен деп ой жүгүртө баштайт. Ички дүйнөсү байыйт. Бир жолу бир иним телефон чалып калды. “Байке, бир бала бар эле Кытайдан окуп келген. Сиз менен жолуктурчу деп жатат” – деп. Макул деп жолуктум. Көпкө сүйлөштүк. Бала зээндүү экен. Текебер эмес. Айтканга кулак салган бала экен. Диплом алыптыр, а бирок маалымат көп болгондуктан чаржайыт болуп, башы айланып, өзүн таппай отурган чагы экен. Ал балада башкалардан өзгөчөлөнгөн артыкчылык бар экенин билбей, кыйналып жүргөн экен. Мен анда тил өнөрү бар экенин эскертип, анын артыкчылыгы анын байлыгы экенине ишендирдим. Анткени ал бала кытай, англис, орус жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт экен. Ушул сенин артыкчылыгың дедим. Ушул сенин куралың, ушул сенин байлыгың, ушул сенин күчүң. Кытайда окуган 4 жыл бош кеткен жок. Кытай элинин таалим-тарбиясын көрдүң. Мына ушул да сенин артыкчылыгың деп басым жасадым. Ал эми дагы бир артыкчылыкты мен берем – бул жаңыча ой жүгүртүү. Эми кыргызстанда бул билимиңди кантип пайдалансаң болот деп суроо бердим? Же МИДге барып кагаз ташыйсыңбы? Бала унчукпады. Кытайда канча эл бар десем, 1.3 млрд. эл бар деп жооп берди. Канча ишкана бар десем, көп деди. Мен 50млн.дон ашык ишкана бар экенин, азыркы тапта Кытай алдыңкы өнүккөн мамлекеттин бири экенин эскертип, баланын ишенимин арттыра баштадым. Эмне үчүн Кытайдагы ишкана “Айфон” чыгарат, бизде чыкпайт. Анткени Кытай элинде үч чоң адам болгон. Конфуций, Лао Цзы жана Сунь Цзы. Ушул үчөө элине чоң акыл айткан, багыт берген, тарбия-таалим берген. Мисалы “Айфон” чыгарган заводдо 1 млн. адам иштейт. Булар кесиби бар адамдар. Кытайдын адамдары тез үйрөнөт. Тез кабыл алат. Айткан нерсеге үн катпай, угуп кабыл алат. Сен ушул үч адамдын түбүн ичип, башка адам болуп келдиң. Илгери Кытай кедей болчу, азыр эли тойду. Кийимге да тойду, тамакка да тойду. Эми чыгарган заттар артып калды. артканын сатыш керек. Сатыш үчүн четке чыгуу керек. Четке чыгыш үчүн тил билиш керек. Тил билмейин байланыш болбойт. Демек тил билген, бизнести түшүнгөн адам керек экен да туурабы десем, туура байке деп тура калды. Кызыгуу жаралды балада. Мына сенин ушул жерде чоң артыкчылыгың бар, башкаларга караганда. Мисалы мен кытай тилин билбейм. Россия, Казакстан, Кыргызстанга ж.б.у.с. мамлекеттерге Кытайдын заттарын ташып жана ишкана ачууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Россия, Казакстан ж.б.у.с. мамлекеттердин заттарын кайра Кытайга сатууга же ишкана ачууга мүмкүн. Демек Кытайдын жакшы ишканаларын ушул мамлекеттерге чыгабыз десе, сен өнөрүң менен жакшы иш кылсаң болот. Бирок сен котормочу эмес, консультант катары иш башташың керек. Сен жаш кезиңден баштап жетекчиликке, жоопкерчиликке үйрөнө баштайсың. Тапкан акчаң да берекелүү болот. Андан ары башка көп кызыктуу ишкерлер менен баарлашасың, жер кыдырасың, түрдүү маданиятты көрөсүң жана тамак-аш жейсиң, жашоо кызыктуу жана кенен болот. Эң негизгиси маанилүү болот. Консалтинговый компания ачышың керек. Ал ишкана Кытайда да ачылышы керек. Ишкана ачсаң сага башкалардын көз карашы да башкача болот. Котормочу атка калбай, өзүн тааныган, өзүн баалаган адам катары кабыл алат деп түшүндүрдүм. Азыр бизде өз ордун таба албай, дипломун көтөрүп алып, тил үйрөнүп алып, а бирок эмне кылаарын билбей отургандар көп. Кудукту бир жерден казат, ар кайсы жерди баштай берсең суу чыкпайт. Кайпактап турган бала рамкага түштү. Адамга суткасына 25000 ой келет. Акыл адашып ар кайсыны эңсейт. Ошондо ушундай багыт берип койсо адам түзөлүп кетет. Балага насаатымды айттым, министр же депутат болом деген ойду унут, андан көрө кантип ата-энемди бактылуу кылам, кантип бактылуу үй-бүлөнү курам, жашоомду кантип кызыктуу кылам, тегерегимдеги адамдарды кантип жыргалга бөлөйм мына ушул ойлорду бак, өстүр, ушул максат маанилүү дедим. Кудай буюрса, бала чоң ишкер болчудай. Эми Шанхайга сапар алып кеткен жатат. Ишкана ачып иш баштайт. Заказдар азыр эле боло баштады. Ишкана ачыла электе эле. Эң негизгиси бала өзүн таанып, күчү эмнеде экенин билип алды.

 Географияны билбей бизнесмен болуш кыйын
География менен тарыхтын адамдын жашоосуна түздөн-түз тиешеси бар. Азыркы заманда тарых менен географияны билбесең бизнесиң майда болот. Мисалы “Кока-Коланын” Япония ичкен суу чыгарчу “Minaqua” деген эң белгилүү ишканасы бар. Бир күнү суу өтпөй калат. Баары ойлонуп отуруп тигиндей кылат, мындай кылат, соодагерлерди алмаштырат, дүкөнчүлөрдү үйрөтөт такыр болбойт. Анан ишке Америкадагы дизайнерлер киришет. Алар ойлонуп отуруп Япониянын маданиятынан баштайт. Япон эли таза болот, экологияга өзгөчө маданияттуу, этият мамиле жасашат экен деген ойго келишет. Биздин бөтөлкөлөр колтоюп чоң экен. Таштандыга ыргытканга ыңгайсыз экен. Чоң баштыкка салып көтөрүп жүрүш ыңгайсыз деген чечимге келишет. Анан бөтөлкөсүн бир кол менен кенедей бала деле бүктөп койгондой кылып чыгарып башташат. Сууну чыгарып көрүшөт. Соода аябай жакшы болуп, өлкөдө биринчи орунга чыгат. Мына география менен бизнестин байланышы. Географиянын соодага түздөн-түз тиешеси болот.

Мен салдырган ТЭЦ 50 градус суукка туруштук берди
Мен Астанада иштеп баштаганда, кабинетке кирип эле эмне ишканалар бар, алар эмне кызмат кылат деген суроолорду койдум. Кол астымда көп ишкана жана жоопкерчилик бар экенин түшүндүм. Астана жаңы салынып башталып жаткан кез эле. Архитекторлор жалаң чет элдик адамдар. Ишканалардын арасында 2 эски кичинекей ТЭЦ бар болчу. Орто эсеп менен 2-3 млн. адамга ылайыкталган концепциясы бар. Бир күнү япон архитектору Кисе Курокава Астананын генпланын презентация жасады, өлкө башчысына. Мен презентациядан кийин ген. планды колго алып алып жумушка кеттим. Эсептесем, эки ТЭЦтин чыгарган ысык суусу жана свети жетпейт экен. Архитектор ысык суусун ойлобой, архитектурасын караган экен. Терең ойлонуп отуруп, тез арада кам көрбөсөм шаар ысык суусуз жана светсиз отуруп калчудай экен. Ошону менен эки ТЭЦтин реконструкциясынын планын баштадым. Бирок шаардагы курулуш тез салынып башталып калды. Ошондо эски ТЭЦте инженер болуп иштеген адамды таптым. Ал киши менен сүйлөшүп отурсам, “Кичинекей котельный бар, ошону ТЭЦ жасабайсызбы?” – деди. Канча каражат керек десем, болбогон эле каражатты айтты. Дароо машинеге отуруп ошол жерге бардык. Баарын карап чыгып, колуңуздан келеби тез арада жасаганга десем, келет деди. Анда баштаңыз деп кызматка алдым. Тез арада проектиси жок эле, баягы котельныйды ТЭЦ кылып куруп салдык. Мощность көбөйдү. Дагы запас болуп калды. Экинчи ТЭЦ курулду. ТЭЦтерди 70 градус суукка проекттегем. Себеби ар кандай абал түзүлүп калышы мүмкүн деп. Үчүнчү ТЭЦтин проектисин баштап салдык. Бирок салганга үлгүргөн жокмун. Ысык сууну эски трубалар менен жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Голландия компаниясын таап келишим түзүп, труба чыгарган завод салдык. Проектини жасап, дароо салып баштадык. Күнүгө түнкү саат 12ге чейин иштечү элем. Бишкекте ТЭЦ авария болду дегенди угуп, дароо жасаган ТЭЦтерим кандай иштеп жатты экен, суук 50 градус болуп жатса деп балдарга чалдым. “Урмат Аскарбекович авария жок, работаем в штатном режиме” – деди. 50 градус суукка туруштук берип, жакшы иштеп жатканына сүйүнүп калдым.

Сооданын көзүн жакшы эле билем
Саясат деп жүрүп жакшы иштерди таштап салыптырмын. Эми өкүнүп отурам. Азыр 2 проекттин үстүндө иштеп жатам. Информация технология багытында. “Амазон”, “Али-Баба” , “Эбэй” деген электрондук интернетте соода-сатык платформалар бар. Ушулар сыяктуу, бирок башкача платформа түзүп иштеп жаткан кезим. Бул проектини 2012-жылы баштагам. Бирок бизде программист балдар жоктугунан өксүп калды. Эми Кытайдын ишканалары менен иштеп жатам. Бул багытта кеткеним, өзүм соода менен көп иштедим, каталарын көрүп турам. Сатуучу менен сатып алуучу адамдардын ортосундагы мамилени кандай түзүү керек түшүнүп турам. Дагы бир себеби ушул багытта кеткеним – логистика ( доставка) экөө жанаша жүрөт. Мисалы “Али-Баба” Индияда иштебейт, “Амазон” Кытайда иштебейт, а иштеш керек эле. Индия менен Кытай чоң рынок, аларды эске албай койгонго болбойт. Анан кичинекей өлкөлөр да кирбей калган. Кичинекей өлкөлөр рынокко сөзсүз кириши керек. Дагы көп нерсени эске алган эмес. Ушуларды тактап отурам. Буюрса оңунан чыкчудай. Экинчиси дагы ушул маалымат багытында. Издөө маселеси бүтүн элди түйшөлтөт эмеспи. Анын сыңарындай ушул издөө маселе кантип оңой жана жагымдуу болушу керек? Мына ушул багытта иштеп отурам. Бул проектилердин баары ойчул проектилер. Убакытты көп талап кылат. Кийин жасап бүткөндө дагы сөз болоор.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: