Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо жана тарыхый музейди оңдоо боюнча кылмыш иши каралды. Соттук отурум судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы астында өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда журналисттерге мурунку премьер-министрдин адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.
Анын айтымында, адвокаттардын карамагында Маданият министрлигинин каты бар болчу. Ал 2015-жылы президенттин аппаратына жөнөтүлүп, анда заманбап музей жабдууларын чыгарган немец компаниясы менен кызматташуу жөнүндө айтылган.
“Тактап айтканда, 2015-жылы Маданият министрлиги немис компаниясы менен кызматташкан. Ошол кезде Сапар Исаков бул окуялардан кабардар эмес болчу. Ал 2017-жылы гана музей жөнүндө суроолор менен таанышкан. Департамент жана музей кызматкерлери бул компанияны Сапар Исаковго чейин эле билишкен. Ошондуктан экс-премьер-министр немис компаниясынын кызыкчылыгын көздөп жатат деген айыптоо жокко чыгарылат”, – деди адвокат.
Эске салсак, 2018-жылдын июлунда Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоо жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке келтирилген зыян 307 миллион 650 миң сомду түзгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ