Анушка Шанкар Чыгыш менен Батыштын музыкасын айкалыштыра жазган Индиянын тирүү легендасы, композитор Рави Шанкардын кызы. Кызы да атасынын жолун улап, музыкант, ситаристка. Анын акыркы жолу чыккан “Traveller” аттуу альбому – Индиянын салттык музыкасын камтыган классиканы, көөдөндөн чыккан фломенко кыймылдарын берет…
Ситаранын гипноздук ыргагына цыганчасынан үн кошкондо адам арбалып калат. Кийгени сари. Чекесинде кызыл бинди. Бирок сүйлөй келсе америкалык. Анушка 1981-жылы июнь айында Лондондо төрөлгөн. Джо Райт аттуу англиялык режиссердун жубайы, бир уулдун апасы. Өзү “мен мурунку стереотиптер менен коштошуп саякатка чыккам. Качан гана калыптанып калган стереотиптерден качканда сүрөткер катарында да, адам катарында да өсөсүң” деп айткандай, ал жаңыны издеген. Анушка “Индиянын классикалык музыкасы мага эң күчтүү эргүүнүн булагын берет. Анткени ал менин тамырым, менин мектебим жана бардык нерсенин өлчөмү. Кээде ошол алган оор жүктөн бошонуп, жаңыча эмоцияны тапкым келчү. Башында жаңычыл иштөөгө психологиялык жактан оор болду. Себеби мени “саткын” деп айтышабы (?) деп корктум. Бирок эми бул музыка да. Атам жазган музыка… Адам чоңоюп ата-энесинен алыс, үйүнөн кеткендей эле, мен дагы бул жактан Индиянын салттуу музыкасы менен ажырашып, өз жолумду тапкым келген. Парадокс мында болду. Канчалык андан өзүм алыстагым келген сайын жан дүйнөм ага кайра жакындап туруп алды” дейт. Америкада төрөлүп тарбияланган, азыр да Америкада байырлаган Анушка Индия музыкасы жөнүндө ушинтип айтат. Азыр Анушканын үйү — Нью-Дели менен Сан-Диего. Анушка Голливуддагы музыкалык индустриядагы эң жогорку сыйлык — “Грэмминин” бир жолку ээси. Ал актриса дагы. Бирок кинодо көбүнчө өзүн-өзү ойнойт. “Танцуй как мужчина” киносунда гана образ жаратканы болбосо, “Джордж үчүн концерт”, атасы Рави Шанкар жөнүндө тартылган “Эки дүйнө ортосунда” тасмаларында өзүн-өзү аткарган. Ошондой эле “Улуу элестер” сериалында да өзүнө кайрылган.
Анушканын аталаш бир тууганы Нора Джонс да Америкада белгилүү ырчы. Ал дагы роял менен гитаранын коштоосунда блюз, джаз ырдаганда эргип угасың. Өзгөчө эки бир туугандын батыш менен чыгыштын салтын бириктирип жазган ырларын уксаң, керемет кечке кабылгандай болосуң…
Эльмира Мадиева
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ