Menu

Раим “шах”! АША “мат…”

Бөлүшүү:

Раимбек Матраимовдун Атамбаевге кайрылуусу ушунчалык оор тийген экен, Атамбаев кол астындагы Жолдубаеванын оозу менен баарын четке кагып, “өзүң маңкасын” таризинде билдирүү жасап жиберди. Байкасаңыз, атамбаевчилер качантан бери эч бир тынымсыз “Раим-миллионду” сындап, а мүмкүн каралап келишсе да берки теригип унчуккан эмес эле. Ал эми ал бир жолу кайрылуу жасап койсо эле Атамбаев жан-жөкөрлөрү менен секирип кетишти. Калыбы чындык ушундай таасирдүү, ачуу болот окшобойбу…

Дагы бир кызык жери – “Раим-миллион” Атамбаев менен, анын жакын жөкөрү Икрам шоопур менен өтө жакын болгонун жашырбаптыр. Чынында эмнесин жашырмак эле, аны элдин баары билет эмеспи. Анан да “миллион” деген ылакапты Атамбаев алып бергенин да, анын колунда жүрүп ушундай “абройго” жеткенин да жашырбаптыр. Балээнин баары “миллиондун” кайнежеси менен Атамбаевдин кызынын урушуп калганынан башталып, акыры ушул күнгө жеткенинда ачык айтыптыр. Башкасын билбейбиз го, бирок Атамбаев ажыкыстардан бетер болор-болбос нерсеге нерв болуп, ачууланып, таарынып, тонун тескери кийип каларын мүлдө кыргызга белгилүү.

Атамбаевдин доорунда иштеп, кызматтан кызматка секирип, чоң серелерге чейин чыгып, анан Атамбаев кызматтан кетеринен бир күн мурда кызматынан шыпырылган “миллионду” Жолдубаева деген чырактай кызыбыз күпкүндүзү, бети кызарбай туруп эле жээнбековдорго жабыштырып салды.

Көрсө, “миллионду” “миллион” кылган Атамбаев менен Икрам эмес эле, маселе чечпей ылдый жакта жүргөн жээнбековдор болуп чыкты. “Укмуштун төөсү жорго” деген ушул экен да.

Атамбаевден – айырмаланып, “миллион” жылуу-жумшак, өздүгүнө асылбай, бир сырдуу, кыраатын келтире кайрылуу жасаган экен. Анын ордунда Атамбаев болгондо ач айкырыкты салып, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып кетмек. Эси жок жаш бала бул жакта эле калмак. Ансыз да “миллион” өз абийирин сактап жасаган кайрылуусун дароо “Ак үй” жасады деп бет тырмаачылык да болуп кетти. Атамбаевдин почерки кай жерде болсо көрүнүп турат.

Кыскасы, Раим Матраимов бир эле кайрылуусу менен буга чейин тынымсыз болуп келе жаткан каралоолорго акылдуу жооп берип, аргасы кетип ар кимге асылган Атамбаевди мат кылыптыр. Бирок, уят-сыйытты, намысты, кишичиликти жакшы түшүнбөгөн Атамбаев дагы эле асылганын койбойт, аны жалпы журт түшүнүп, билип турат.

“Чындык чычалатат деген” кеп бар, Атамбаев катуу чычалады.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: