Бүгүнкү күндө 297 миң 102 адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 6750 кыргызстандык жеке медициналык борборлордо акы төлөнүп эмделди.
“Ошондой эле, вакциналардын кийинки партиясы – 550 миң доза Кыргызстанга 25-ноябрга чейин келет деп пландап жатабыз”, – деди Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус пандемиясы учурунда иштеп жатып ооруп калган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселесине да токтолду. Бүгүнкү күндө 479 медкызматкердин ар бирине 200 миң сомдон берилди.
Ошондой эле министрдин айтымында, иш учурунда коронавирус жуктуруп каза болгон 29 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон кенемте төлөнгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ