Menu

Өзгөндөгү спорттук майрам

Бөлүшүү:

Өзгөн шаарындагы эмгек ардагери Зулпукар Ормонов атындагы волейбол боюнча мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. Быйыл салтын жазбай 15-жолу болуп өттү. Зулпукар аксакалдын уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов бул сапар дагы атасынын элесине арналган спорттук беттешти өткөрдү. Өзгөндүктөрдүн айтымына караганда жыл сайын ушинтип 4 миңден ашык адам жыйналып, 300–400 спортчу катышкан иш чараны эл күтүп кадимкидей даярданышат экен. Быйылкы иш чарага коомдук, мамлекеттик коомдук саясый ишмерлер Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар көрүнүктүү инсандар барышты. Спорттук мелдештерден кийин келген конокторго дасторкон жазылып, ырчылар ыр сунушту. Мындан сырткары жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Аягында атасынын арбагын сыйлап ушундай чоң деңгээлдеги иш чараны өткөрүп жаткан Улукбек Зулпукаровичке кадырлуу аксакалдар бата беришти. Биз дагы бул жакшы саамалыктан артта калбай чагылдырып кайттык.

Арапбай Аданов, “Кеңеш” айылынын тургуну:

“Улукбек Ормонов 15 жылдан бери атасына арналган ушундай майрамды өз элине өткөрүп келе жатат”

– Мен Ормонов Зулпукардын өкүл баласымын. Өкүл атам раматылык ушунчалык ыймандуу балдарды тарбиялап койгон экен. Улукбек Ормонов 15 жылдан бери атасына арналган ушундай майрамды өз элине өткөрүп келе жатат. Диний аалымдардын айтканына караганда маркум киши балдары арнап иш чараларды өткөрсө толгонуп алат дейт. Раматылык өкүл атам 15 жолу толгонуп алса керек. Атасынын арбагы Улукту колдосун. Кудайым өмүрүн узун кылсын, эли-журтуна кызматын кылган атуулдардан болсун. Зулпукар өкүл атам бир айтканынан тайбаган, чын сөзүн айткан, туура насаат берген адам эле. Мен өкүл атамдын тарбиясын көрүп адам болгом десем болот. Улукта атасынын мүнөзү бар бирок толук эмес. Окууну бүтүп жаңы келээрим менен 3 жыл өкүл атамдын кол алдында иштеп тарбиясын алдым. Ошол тарбия менен бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жатам десем болот.

Алибай Манапбаев, Зулпукар Ормоновдун бир тууганы:

“Бала эле болсо Улуктай болсун”-дегендерин көрүп жатам. Акем балдарын жөн тарбиялабаптыр”

– Акам Зулпукар абдан жакшы адам эле. СССРдин маалында кайсыл иш тапшырбасын баарын убагында аткарып, өз милдетин жакшы билчү. “Иним, жакшы бол. Туура жүр, туура баскын, бирөөнү алдаба, жалган айтпа”-дечү мага. СССР таркаганча мамлекеттик иште жүрдү. Атасынын жолун балдары бар экен, жолдоп жүрүшөт. Мына атасынын урматына 15 жылдан бери унутпай спорттук иш чараларды өткөрүп жатышат. Элге дагы ыраазымын, чогулуп келип калыс болуп жаштарды ойнотуп жаткандарын көрүп кубандым. “Бала эле болсо Улуктай болсун”-дегендерин көрүп атам балдарын жөн тарбиялабаптыр. Минтип элдин уулу болду. Кудайга шүгүр, батасын берген элге дагы Улуктай уулдарды берсин.

Апиза Ормонова, Улукбек Ормоновдун бир тууганы:

“Атабыз Зулпукар өтө жоопкерчиликтүү, элге ак дилден кызмат кылган мыкты киши болгон”

– Улук иниме абдан ыраазымын, 15 жылдан бери атамдын атын эстетип ушундай иш чараларды өткөрүп келе жатат. Кудай алтын башын аман кылып, балдары менен бактылуу болсун. Атабыз дагы элге көп жыл кызмат кылган, 8 баланы тарбиялап өстүргөн адам эле. Баарыбызды окутуп жогорку билимдүү кылган. Атама ыраазымын. Ушул иш чарага спорт үчүн гана эмес, атабыздын кадыр-баркы менен сыйлаган адамдар келип жатышат деп ойлойм. Улукбек көп жылдан бери бир туугандардын башын бириктирип эскерип келе жатат. Атабыз Зулпукар өтө жоопкерчиликтүү, элге ак дилден кызмат кылган мыкты киши болгон. Кошуналар, туугандар кандай маселе болсо баарын атам чечип берчү. Балдарынан атамдын үмүтү чоң болчу. Аны бүгүн Улукбек аткарып, калктын уулу болду. Кудайга рахмат, элге рахмат, иниме рахмат.

Карим Абдразаков, «Жылалды» айыл өкмөтүнүн тургуну:

“Улукбек район боюнча элди чогултуп элдин биримдигине, жаштардын ден-соолугун чыңдоого салым кошуп жатат”

– Зулпукар абамды мен 50 жылдан нары билем. Ал киши үй-бүлөсүнө, мамлекетине жакшы караган киши болчу. Негизинен айыл чарбада иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин көп жыл бөлүм башчы болуп иштеди. Ал киши менен 1960-1967-жылга чейин дос болуп жүрдүк. Бирок менден 15 жаш улуу эле. Айылыбыз башка болгону менен дос болуп катташчубуз. Жыл сайын биринчи майда уулу Улукбек район боюнча элди чогултуп элдин биримдигине, жаштардын ден-соолугун чыңдоого салым кошуп жатат. Ушинтип боз үйлөрдү тиктирип, дасторкон жазып элди тосуп алат. Биз Улукбекке жыл сайын батабызды беребиз. Быйыл да рахматыбызды айтып батабызды бердик. Аман-эсен болуп атасынын атын өчүрбөй көп жашасын.

Эдгар Болотбеков, спортчу:

“Улукбек агабыз Өзгөн эли үчүн жыл сайын кош майрам тартуулайт”

– Бул мелдеште 15 жылдан бери ойнойм. Тагыраагы 2013-жылдан бери ойноп келе жатам. Бул мелдеш Өзгөн элине салт болуп калган, чынын айтсам чыдамсыздык менен күтөбүз. Жыл сайын 1-майда топ ойнойбуз. Жаштарды спортко ушул жерден чакырса да болот. Волейбол, ордо, футбол спорттун түрлөрү менен өтөт. Улукбек агабыз Өзгөн эли үчүн жыл сайын кош майрам тартуулайт. Биз ыраазыбыз. Өзгөндүн чемпионаты катары жаштарыбыз бир жыл даярданабыз, утканда кадимкидей республиканы уткандай кубанабыз. Мектепте окуп жүргөндө эле волейбол ойночумун. Бул мелдеш башталгандан бери ого бетер волейболго тартылып кеттим.

Каныбек Мажитов, “Зергер” айылынын тургуну:

“Атамды көргөн өлбөсүн” дегендей Улук бизди сыйлап турат, ыраазымын”

– Мен Зулпукар аяш атам менен 40 жыл мурун таанышкам. Улуктун агасы бейиши болгур досум Райымжан менен студент кезде чогуу үйүнө келип анан таанышып калганмын. Ал убакта Улукбек дилдирек ойногон, эч нерсе менен иши жок кичинекей бала болчу. Ошол бала чоңоюп бүгүн бизди, аяш атамдын арбагын кубандырып минтип иш чара өткөрүп жатат. Райымжан досум менен үйгө келип калганда аяш атам менен аяш апам, абдан сонун кишилер бар эле. Атасынын арбагын сыйлап, ата көргөн бала экен спорттук иш чараны жыл сайын өткөрөт. “Атамды көргөн өлбөсүн дегендей” Улук бизди сыйлап турат, ыраазымын. Жыл сайын ушундай жогорку деңгээлде өтөт. Бул да болсо Улуктун кадыр баркы. Элге сиңген эмгеги деп эсептейм. Аяш атам тирүү болсо баласынын ушундай уул болгонун көрүп кубанмак. Эми арбагы ыраазы болсун.

Калдар Эркинов, “Өзгөн” районундагы Дене-Тарбия жана спорт инструктору:

“Зулпукар Ормоновдун байгесине арналган мелдешке барабыз деп эл күтөт”

– Бүгүн Зулпукар Ормонов атындагы мелдештердин өткөрүлүп жаткан иш чара айыл жаштардын күткөн мелдеши. Бул оюн он беш жылдан бери спорттун алты түрүнөн волейбол, футбол, ордо, тогуз коргоол, шахмат, таяк тартыш боюнча өтөт. Жылына ушундай чоң деңгээлде өткөндүктөн жаштардын тартылуусу өтө жогору. Спорттун түрлөрүнө жараша жыл сайын ар бир айыл өкмөттөн 19 команда келишет. Волейбол боюнча 15 команда, футболдон 14 команда, шахматтан 54 адам катышып жатат. Мына ушул мелдештерди Өзгөн районунун жаштары бир жылдап күткөн майрамы деп билем. Зулпукар Ормоновдун байгесине арналган мелдешке барабыз деп эл күтөт. Райондун баардыгы келет. Топ ойноп башка спортчулар менен камтылганда 300дөн ашык спортчу келип катышышат.

Калия Мырзабек кызы, “Жазы” айыл өкмөтүнүн тургуну:

“Бул мелдеш бизге абдан жагат, өзгөчө жаштар бир жылдап күтөбүз”

– Өзүм бул командада үч жылдан бери ойнойм. Бирок биздин айыл өкмөттүн командасы алты жылдан бери катышат экен. Волейбол боюнча биздин команда жеңиштерге жетишип келе жатышат. Утканда акчалай сыйлыктарды беришет. Бул мелдеш бизге абдан жагат, өзгөчө жаштар бир жылдап күтөбүз. Мени волейбол ойнойсуң деп мектептен агайларым алып келишкен. Ошондон бери Зулпукар Ормонов атындагы мелдеште дагы ойнойбуз. Чынын айтсам көпкө күтөбүз. Кышы менен бул оюнга даярданып чыгабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: