Өнүгүү-Прогресс фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев акыркы күндөрү активдеше баштаган шекилдүү. Же популисттер шайлоо жакындаган сайын ушундай ооруга чалдыгышабы, айтор алды артын карабай эле, алдына чыга калганды ашатып жатып калышат. Төрөбаев бул жагынан оор басырыктуудай көрүнчү эле негедир жалпы жыйында коалиция башчысы Иса Өмүркуловго кайрылып, Өкмөттү отставкага кетирүүнү же коалицияны таратуу боюнча чечкиндүү кадам жасоого чакырды.
“Иса Шейшенкулович, бул сиздердин коалиция, адам өлтүрүүлөр көбөйдү, аймактарда шахталардагы өлүмдөр, жасалма паспорттор чыгып жатат, бюджет толбой жатат, көмүрдүн баасы өсүүдө, электр энергиянын тарифин жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат жоопкерчилик кайда? Ошон үчүн коалиция чогулуп Өкмөттүн отставкага кетиргиле, же өзүңөр кеткиле, башка костиция куралы”, — деди Бакыт Төрөбаев. Мына тамаша.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ