Menu

Акыйкатчылык кызмат саясатташуудан качан калат же Кубат Оторбаев кимдин камчысын чабууда?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда алгач Акыйкатчы институту түзүлгөндө «Оо мына, эми укуктары бузулган карапайым адамдардын укугун талаша турган өзүнчө бир институт пайда болду» деп кубанган элек. Алгач анын жетекчиси болгон Турсунбай Бакир уулу жакшы эле иштегендей болду. Бирок кайсыл карапайым адамдын укугун коргогонун эч ким деле билген жок. Ошентсе да анын омбудсмендик кызматты саясатка аралаштырбай кармаганын эрдиги катары сыпаттасак болчудай болуп калды.

Себеби андан кийин бул кызматты аркалаган Т.Акун, Б.Аманбаевдердин омбудсмендик кызматты бизнеске айлантып алышканын жалпы коомчулук байкап калгандан улам кызматтан шыпырылышкан болчу. Алардан кийин мурда укук коргоо тармагына таптакыр тиешеси жок болсо да Кубат Оторбаевди ЖК депутаттары колдоп, аталган кызматка шайлашты эле. Жашырбай айтканда, Кубат мырзадан үмүтүбүз чоң болчу. Эми омбудсмендик кызматты бизнеске айлантпай, саясатка аралаштырбай карапайым адамдардын укугун коргойт го деп күткөнбүз. Тилекке каршы, Кубат мырза деле мурункулардын салып кеткен чыйырына түшүп алды. Бүгүнкү күндө ал мародерлук, коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып, камакка алынган саясатчылар жаткан камераларга барып, алар менен жолугуп, аларды колдоп аткан митингчилерге жолугуп эле басып жүрөт. Азыркы тапта жогоруда көрсөтүлгөн айыптоолор боюнча камакта жаткан саясатчылар өз укуктарын мыйзам чегинде коргоп алганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар тажрыйбалуу карт саясатчылар. Ал эми ошол эле убакта канчалаган карапайым жарандардын укуктары бузулуп, өздөрүн өздөрү коргогонго чамалары чак болуп келет. Алсак, өгөй аталарынан зордукталган кыздар бар, коңшулаш Казакстанга иш издеп барып, кулга айланып кайтып келе албай жүргөн мекендештерибиз бар, жашап аткан үйүн алдамчыларга тарттырып жиберип көчөдө калгандар бар. Айтор мына ушул сыяктуу оор тагдырларга тушуккандар толтура. Бирок алардын тагдыры К.Оторбаевди ойлондурбайт окшойт. Себеби ушул күнгө чейин анын кайсыл карапайым адамдын укугун коргоп, жашоосун жеңилдетүүгө жардам бергенин көрө да, уга да элекпиз. Тескерисинче жалаң саясатчылардын, коррупцияга, мародерлукка шектелгендердин укугун коргоп басып жүрөт. Анын омбудсмендик кызматты эмнеге саясий кызыкчылыкта пайдаланып атканын аңдап түшүнүүгө да болот. Биринчиден, балким «бул саясатчылардын укугун коргосом, эртең алардын да жардамы тиет» деген үмүттө болуп атса, экинчи жагынан акча табуу аракети болуп аткандай. Эгерде омбудсмендик кызмат жалаң байлардын, саясатчылардын, гей-лесбиянкалардын укугун гана коргоого иштей турган болсо, анда бизге бул кызматтын кереги барбы?

Булак: Де-Факто

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: