Menu

Жанар Акаев менен Кадыралиевдин кармашы

Бөлүшүү:

Канжар Кадыралиев ЖК депутаты Жанар Акаевдин “пара алган, сотторго басым жасаган” деп айыптады. Акаев муну Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети катары сыпаттайт.

Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери, бейбаштык, опузалоо жана өзүм-билемдик боюнча айыпталган Канжар Кадыралиев 30-мартга өткөн сот отурумуңда анын үй-бүлөсүнөн жана жабырлануучу тараптан Жанар Акаев президенттин пресс-катчысы болуп турган учурда ири суммадагы акча өндүргөнүн, сотторго басым жасаганын айтып чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев муну жалган жалаа деп, Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети катары сыпаттоодо.
Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов депутат Акаевге “кызмат абалынан пайдаланганы үчүн” кылмыш иши козголуп, маалыматтар иликтениши керек деп эсептейт. 30-марттагы сот жараянында айыпталуучу Канжар Кадыралиев депутат Жанар Акаевди президент Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы болуп турганда анын үй-бүлөсүнөн жана жабырлануучунун туугандарынан ири суммада пара алган, сотторго басым жасаган деп айыптаган. Сот залынан тартылган видео социалдык тармактарга жайылтылып, ар кандай талкууларга негиз берди.

– Жанар Акаев акча иштеш үчүн менин үстүмөн кара пиарларды жүргүзө баштаган. Соттун эч кандай чечими жок «караларды ким тыят», канкор, ишкерлердин канын ичкен ууру деп… Көзү өтүп кеткен агамды бандит деп, сотторго чейин басым жасап, телефон чалып, жөндөн-жөн каматкан Жанар Акаев болгон. Менин үй-бүлөмдөн 15 миң доллар алган. Буга далил телефон сүйлөшүү, сүрөт, видеолор бар. Биздин тууганыбыз ага жети миң доллар алып барып берет. Бул видеого түшкөн.
-Ал эми Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов өзү коргогон жарандын далилдери менен азын-оолак таанышканын, эгер керек болсо прокуратурага расмий түрдө кайрыларын «Азаттыкка» айтты.

– Прокуратура биз кайрылганга чейин эле сотто айтылган көрсөтмөнүн негизинде иш козгой бериши керек. Анткени ал сотто расмий түрдө айтты.
Жанар Акаевдин мыйзамсыз иш козготуп, бул иштерди уюштуруп жатканы боюнча 2014-жылы анын (Кадыралиевдин – авт.) аялы Ош прокуратурасына арыз жазган. Бул каралган эмес, биз ал боюнча жооп алган эмеспиз. Ал эми далилдер менен мен толук тааныша элекмин.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар АКАЕВ Кадыралиевдин сотто айткандарын, анын адвокатынын кылмыш ишин козгоо сунушун жалган жалаа жана Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети деп «Азаттык» үналгысына комментарий бергенде айтты:

– Эгерде булардын мага болгон дооматы болсо дээрлик үч жылдан бери сот жүрүп жатат эмнеге ошол убакта унчукпайт. Экинчиден, булардын карапайым ишкерлерден, акниет адамдардан тоногон акчасы бир дагы адамга буюрбай турганын мен жакшы түшүнөм. Үчүнчүдөн, бийликтен жансоога сурап, мени пайдалансаңар дагы болот, мага жеңилирээк жаза берсеңер болот эле, Жанарды каралап бергенге мен даярмын дегендей өзүнүн кызматын сунуштап турган учуру деп ойлойм. Булардыкы биринчи жолу эмес, буга чейин деле алар пара алганың тууралуу далилдер бар деп бирөөнү жиберишкен. Бийлик буларга эч кандай жардам бербейт деп ойлойм, бардыгы мыйзам түрүндө чечилет. Мен мурда журналист кезимде, азыр криминал, ишкерлерди тоногон рэкеттер менен күрөшкөн позициямды уланта берем. Сотторго көргөзмө берип, прокуратураны көзөмөлдөөгө менин ыйгарым укугум жок.

Депутат Акаев абийирине шек келтиргени үчүн Кадыралиевдин үстүнөн прокуратурага кайрыларын “Азаттыкка” билдирди.

Кадыралиев Акаев жабырлануучу тараптан да акча өндүрдү, кымбат машинасын алды деп сотто айтып чыккан. Жабырлануучу Ильяз КЕЛДИБАЕВ Кадыралиевди каралоо үчүн Акаевге пара берип, кымбат машинасын тартуу кылган деген маалыматты уламышка теңейт:

– «Уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат». дегендей эле болуп атат. Биз өзүбүз жабырлануучу болуп атсак, бирөөгө акча берип, машина белек кылып, бизге эмне зарыл. Биз ушуларды каралоо үчүн 80ге чыккан ата-энебизди ур-токмокко алдырып, колу-бутун байлатып, талап-тоноону уюштуруптурбузбу? Кудайдан корксо болот да. Канча жолу кечирим сурап келишти. Ата-энебиз үчүн бул иштин аягына чейин барабыз. Башынан бери бул
иш президенттин көзөмөлүндө, ошондуктан биздин үмүтүбуз бир гана президентте.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Ал беш ай бою качып жүрүп, акыры өз эрки менен тергөөгө келген. Кадыралиев учурда үй камагында. Анын өзү менен байланышуу аракетибизден эч майнап чыккан жок.

Бул иш коомчулукта резонанс жаратканда президент Алмазбек Атамбаев Кадыралиевдин жоопко тартылышын өз көзөмөлүнө алып, ошол кездеги баш прокурор Аида Саляновага, ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаевге ишти тезинен териштирүү боюнча тапшырма берген.

Дээрлик эки жарым жылдан ашуун убактан бери үн катпаган Кадыралиев бул маалыматтарды ачыкка чыгарып айтууга эми убакыт келип жеткенин белгилеген. Мындай маалыматтын чыгышы Жанар Акаев Жогорку Кеңештеги Социал-демократгар фракциясынын курамынан чыгарылган учурга туура келүүдө. Депутаттын позициясы фракцияныкына туура келбей калды деген негизде өткөн жумада өз катарынан чыгарган.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: