Menu

Депутат Арапбаев акча табышты жакшы билет

Бөлүшүү:

Депутат Азамат Арапбаев “Элдин кирешесин инфляциянын өсүшүнө байланыштуу индексациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда кайдан ак­ча тапса боло тургандыгын билерин айтты. “Өкмөт чыгымдардан коркпошу керек. Кааласа аны жаап коюучу каражаттар табылат. Бул жерде баарыңар эле бюджетте акча жок деп жатасыңар, андай эмес. Аны табыш керек. Мына айдоочуларга айнектерин караңгылатууга уруксат берип коёлу. Бирок кааласа, төлөсө анда караңгылатып алып жүрө берсин”, – деди ал… Чын эле десең. Азыр жол кайгуул инспектору менен айдоочулардын кырылышканы эле ушул. Кимдир бирөөлөр тыюу салынганына карабай, инспекторлор сыйрып салса да өчөшкөнсүп эки күндөн кийин айнектерин караңгылатып алганын көрөсүң. Аларга акчасын төлөп коюп, “маа десең чүмкөнүп ал” деп коюш керек окшойт. Ошентсек бюджетке бир топ эле каражат түшүп калган жатпайбы.

Булак: “Жаңы агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: