Алмазбек Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин режиссеру Мирлан Абдыкалыковду жана фильмдин продюссери, кинорежиссер Садык Шер-Ниязды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин авторлорун алардын картинасы көптөгөн эл аралык абройлуу конкурстардын сыйлыктарына ээ болгондугу, ириде “НИКА” Улуттук киносыйлыгы версиясы боюнча КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми катары таанылышы менен куттуктады. Ошондой эле кыргыз элинин маданиятын, каада-салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн таасын чагылдырган мыкты картинаны жараткандыгы үчүн фильмдин Мирлан Абдыкалыков башында турган чыгармачыл тобуна ыраазычылык билдирди. «Силер улуу тоолор арасында көчүп-конуп жашаган кыргыз үй-бүлөсүнүн татаал тагдырын жана турмуш-тиричилигин, алардын каарман эмгегин, жаратылышка болгон сүйүүсүн жана аяр мамилесин, биздин бай каада-салттарыбызды жакшы көрсөтө алгансыңар», – деди Атамбаев.
Мамлекет башчысы Мирлан Абдыкалыковго кол саат тапшырып, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ