Menu

Бекболот Талгарбеков: “Москвада Атамбаевди эки жолу кызматтан кет деп эскертишти, бир жолу Атамбаев кетем деп колуна Куран кармап карганган”

Бөлүшүү:

– Сиз бүгүн “Элдик парламент” бирикмесинин атынан чыгып жүрөсүз. Бийлик боюнча ачуу жана кескин билдирүү жасап, Атамбаевдин токтоосуз отставкасын талап кылып, анын жан-жөкөрлөрү Икрамжан Илмиянов, Чыныбай Турсунбековдордун ишмердиктерин тергөөнү өктөм айтып, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы окуялары боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна берип жатасыздар. Мен сизди өтө токтоо, амбициясы жок, ар кайсы жылдардагы ар кандай оппозициялык кыймылдарга катышпаган саясатчы катары билчүмүн. Анан эле мындай кескин радикалдуу кадам менен чыктыңыз?
– Ачыгын айтканда, 2010-жылы мен да Бакиевдин режимине каршы күрөшкө кошулгам. Төңкөрүштүн алдындагы 3-4 айда мен Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдор менен бирге иштеп жүрдүм. Бирок, 7-апрелде аянтта болгон окуялардан кийин мен дароо алардан кетип калдым, анткени биз бийликти күч менен басып алганыбызды түшүндүм. Ага чейин мен бийликти зордук менен басып аларыбызга анча ишенчү эмесмин, цивилдүү, тынч саясый күрөш болот деп ойлогом. Чынын айтсам, мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, бирок, ага ишенген эмесмин. Алар бийликти алары менен дароо өтө коркунучтуу иштерди жасай башташты. Биринчиден, мародерчулук, бул тууралу баары билишет, экинчиден, банк ячейкаларын талап-тоноо. Ошондо гана мен аларга кошулуп алып өтө коркунучтуу, ыплас ишти жасап салганымды түшүндүм. Баса, ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин мен мамлекеттик бийликти басып алууга катышкандыгым үчүн элден кечирим сурап, билдирүү жасадым. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча келечекте калыс иликтөөлөр болоруна мен ишенем.
Мен Атамбаевди мурунтан билем, эгер ал бийликке келсе эч жакшылык болбосун, мамлекетти талкаларын да билгем. 2011-жылы ал өзүнүн талапкердигин президенттикке койгондо мен “Кыргызстанды кара туман каптады” деп жазгамын. Ал убакта көпчүлүк эйфорияда болуп, мени угушкан эмес.
Убакыттын өтүшү менен мен муну жөн калтырууга болбосун, Кыргызстанда Атамбаев орноткон режим менен күрөшө ала турган күчтөр жок экенин түшүнүп, өзүм аракеттене баштадым. Мен алгач Россияда эң жогорку кызматтарды ээлеген генералдар менен байланыштым. Силер жаман ойлобогула, ал генералдар биздин эле жердештер болот. Мен үч генерал менен жолугуп жүрүп, былтыр күзгө карай планыбыз даяр болду, азыр ошону ишке киргизип жатабыз. Ага чейин баарына Атамбаевдин бийлиги астында өлкө кайсы аңга түшүп баратканын көрсөтүш керек эле.
Россиянын генералдары, биздин патриот-досторубуз былтыр күздө өздөрүнүн кызмат ордунан, бийликтегилерге таасиринен пайдаланып, Атамбаевге кызматын таштап кетүүсүн сунуштап айтышты. Анын Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзгөн коррупциялык схемалары жана Кыргызстанды мамлекет катары талкалап жатканы үчүн арыз жазып, өзү эле отставкага кетип калуусун суранышты. Алар бул схемаларды аябай жакшы иликтешиптир, Атамбаевдин айланасындагы чиновниктерден кимдер жана кандай жолдор менен элдин казынасындагы акчаларды кап-каптап Россияга ташып жатышканы боюнча жетиштүү далилдерди топтошкон. Мунун баары азыр алардын колунда. Ал далилдердин баарын Атамбаевге көрсөтүшкөндө, Атамбаев колун Куранга коюп, “парламенттик шайлоону өткөрүп коюп эле кетем” деп карганган. Мен ага ишенүүгө болбойт деп эскерткениме карабай алар анда ишенишкен. Жаңы жылдан баштап биз кайрадан активдүү иштей баштадык. Ал эми быйыл февралда генералдар кайрадан Атамбаевди отставкага кетип калуусун суранышты жана эскертишти. Анда Атамбаев башка амалга өттү. Алгач мураскерин тактап алайын деди. Абдил Сегизбаевге мураскер катары сүйлөшүүгө ыйгарым укук берип, Москвага учуп барып эң жогорку кызматтагы чиновниктер менен жолугуп келүүгө жөнөттү. Сегизбаев Москвадан колдоо тапкан жок, ал ким менен жолукканы, эмнени айтканы бизге жакшы белгилүү жана документалдуу бекемделген. Ал кесиби боюнча айыл чарба кызматкери, бирок өз адистиги менен бир күн да иштеген эмес. Анан эле бир күнү журналист болуп чыга келди. Акаевдин пресс-кызматында иштеди. Атамбаевчылыктын артынан кокустан эле УКМКнын төрагасы болуп калды. Москвада Сегизбаевден “Бир мамлекетти башкарганы кантип батынып жатасын?” деп сурашса “Алмаз Шаршенович мага ишеним көрсөтүп жатат” дегенден башка жообу болгон эмес. Мураскердикке Сегизбаевдин талапкердиги өтпөй калгандан кийин Атамбаев Москвага ошол эле максат менен Асилбек Жээнбековду жумшаган. Анын талапкердигин негиздөөдө жердиги түштүктүк экенине таянган. Ошондой эле аны өзүнүн ордуна калтыруу процедурасы жеңил болмок – Атамбаев отставкага кетсе Конституция боюнча спикер президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Бирок, Москва Асилбек Жээнбековду да жактырбайт. Акырында кезек Темир Сариевге келет. Быйыл 2-мартта Атамбаев менен Сариев экөөсү Москвага бир учуп барышат. Сариевдин Москвада колдоочулары бар эле, биз алардын фамилияларына чейин билебиз. Бирок, Кремль Темир Сариевди да колдобой койду.
-Эмне, мураскердин ким болорун Москва чечиш керекпи?
– Ооба, анткени Атамбаевдин коррупциялык схемаларынын баары Москвага барып такалып жатат. Анан биздин достор, генерал-патриоттор Атамбаев жакшылыкча эле өзү отставкага кетип калбасын түшүнгөндөн кийин биздин план боюнча иштей баштадык, “Элдик парламентти” түздүк. Биринчи жыйыныбызды өткөрүп, Атамбаев эл астында отчет бериш керек жана токтоосуз отставкага кетиши зарыл деген чечимге токтолдук. Биз биринчиден, Атамбаевге эмне үчүн ал токтоосуз отставкага кетиши анын өзүнө жакшы экенин түшүндүрөбүз, экинчиден, ага отставкага өз каалоосу менен кетүүсүн сунуш кылабыз. Ал эми биздин 50-60 миң жактоочуларыбыз чогулганда биз башкача аракеттене баштайбыз…
Эмне үчүн Атамбаев менен Кремлдин ортомчулугусуз эле сүйлөшүүгө болбойт? Сиз дос-патриоттор ал жакта коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча чоң иштерди жасап жатат дегениңизде амалданып жаткан жоксузбу, чындыгында бул жерде күч жетпей жатса керек? Атамбаев дайыма эле Путиндин тарапкери болуп, Кыргызстанда Россиянын кызыкчылыктарын ишке ашырып келатпайбы?
– Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы коррупциялык схемаларды иликтеп жатып биз аны өз күчүбүз менен буза албасыбызды түшүндүк. Ал схемаларга өтө жогорку даражалуу россиялык чиновниктер аралашкан. Алар Атамбаевдин Кремлдеги лоббисттери, ошондуктан бул маалыматтарды алгач ал жакка жеткирүү керек.
– Демек, силер Путиндин айланасынан Атамбаев россиячыл, ал бизге гана кызмат кылат, андан жакшысы жок деп анын кызыкчылыгын колдогон адамдарды аныктадыңарбы, мен силерди туура түшүндүмбү?
– Туптуура. Путинге ошентип түшүндүрүп келишкен. Ошондуктан биз Атамбаев мамлекетти талкалоого алып баратканын жана биздин мамлекеттер аралык мамилелерди буза турган коррупциялык схемаларды түзгөнүн далилдешибиз керек эле. Биздин топ ушул бузуку схемалардын жана байланыштардын бетин ачуунун үстүндө иштеди. Алар азыр Кремлге бул иштерге катыштыгы бар эки адамдын фамилияларын – Беседа аттуу генерал менен Абдил Сегизбаевдин жоруктарын жеткиришти. Жогорку-Нарын каскад ГЭСтерин баштоодо 37 миллион доллар сарпталды деп ишендиришкен. Бирок, иш жүзүндө 5-7 эле миллион доллар сарпталганы аныкталды. Мындай фактылардын баары азыр Путинге жеткирилди. Биздин достор Атамбаев Кыргызстанды талкалоого алып баратканын, ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлорун аргументтер менен түшүндүрүп келатышат. Эки жүздүү Атамбаев мамлекеттик системага да калпычылык менен эки жүздүүлүктү киргизди.
“РесПублика” гезитинен кыскартылып которулду
.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: