Жогорку Кеӊеште ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Демилгечилердин бири Гүлкан Молдобекова КР Эмгек кодексине ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жобо сунушталып жатканын билдирди. Мындай демилге Өкмөт тарабынан да колдоо тапкан.
Эске салсак, ноябрь айынын башында КР Президентинин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыгы жарыяланып, анда Жогорку Кеӊешке айрым ченемдик укук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган. Ошондон улам, Жогорку Кеӊеш Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алып, майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ