Menu

Максат Мамытканов, эксперт: “Эгерде Акаев-Танаевдин саткынчылыгы болбогондо, анда 2007-жылы Кумтөр жүз пайыз Кыргызстандын менчигине өтмөк”

Бөлүшүү:

Кыргызстан элине жаңы жылдык эң саткын белек болгон! Муну эч качан унутпашыбыз керек!

2003-жылы 31-декабрда качкын президент Аскар Акаев Кыргыз элине жаңы жылдык эң арам, эң саткын белек жасаган!

2003-жылы 31-декабрда качкын премьер Николай Танаев “Centerra Gold inc. Компаниясын түзүү жөнүндө келишимге” кол койгон!

Эгерде Акаев-Танаевдин бул саткынчылыгы болбогондо, анда 2007-жылы эле Кумтөр 100% Кыргызстандын менчигине өтмөк.

Биз ушинтип Кумтөр алтынынан биротоло кол жууганбыз!

Ошол күндөн тартып, жыл сайын 31-декабрда Кыргызстан президенттери жана ”Centerra Gold inc.” Кыргызстан элине өзгөчө белек тартуулап келет.

Соңку белектерди эскерте кетейин.

2016-жылы дал ушул 31-декабрда ”Centerra Gold inc.” ММКлар аркылуу Кыргызстан элине Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү алып салууга уруксат берген бардык документтерди колуна алышканын жарыя кылышкан.

Эки айдан кийин 2017-жылдын жазында Жогорку Кеңеш “Суу кодексине” өзгөртүү киргизип, тоо-кен компанияларга, тагыраак айтсак, бир гана ”Centerra Gold inc.” компаниясына мөңгүлөрдү талкоолону мыйзамдаштырып берди!
Жаңы 2018-жылдын алдында азыр камакка алынган экс-премьер Сапар Исаков Centerra Gold inc компаниясы менен “Жаңы шарттар жөнүндө” келишимге кол коюп, анда негизги келишим өзгөрүлбөшүнө макул болуп, Кыргызстан үчүн 50/50 кылуу долбоору толугу менен жокко чыгарылды.

Андан соң Centerra Gold inc компаниянын акцияларындагы кыргыз тараптын үлүшүн 32%дан 26%га түшүрүп, кошумча акция пакетин сатууну да азайтты.

Дал ушинтип Кыргызстан компанияны башкаруудагы Канаданын корпоративдик укугун мыйзамдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн да кол жууду.
2019-жылдын күзүндө жаңы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Centerra Gold inc. менен келишимге кол коюп, ага ылайык кендеги казуу иштери 2032-жылга чейин (!) узартылды.

Эгерде Максим Бакиевдин келишимин эстесек, анда Кумтөр 2026-жылга чейин иштөөгө тийиш эле!

Алгачкы “Камеко” менен болгон концессиондук келишимдин шарты боюнча, бүтүндөй Кумтөрдүн аянтындагы кенди пайдалануу 2042-жылга чейин экенин да унутпайлы!

Ошентип, Абылгазиевдин Өкмөтү Centerra Gold inc менен жаңы келишимге кол коюп, канадалыктарга Кумтөр аянтын 2042-жылга чейин (десе да болот) пайдаланууга уруксат  берип олтурат!

Бирок 2042-жылга чейин Кумтөрдүн иштеп турушу үчүн дагы көптөгөн МӨҢГҮЛӨР менен ТООЛОРДУ оңкоруп чыгууга туура келет!
Ошондуктан ЖК депутаттары алтын казуу үчүн бөлүнгөн 16 миң гектар жер эмне деген аянт экенин өз көздөрү менен көргөнү барышты!

Мен депутаттарга Кумтөрдөгү көчкүлөрдөн турган коркунучтуу жерлерди да көрө келишин сунуштайт элем!

Анан ТООЛОР менен МӨҢГҮЛӨРДҮН өч алганын элестетип көргүлө!

Максат МАМЫТКАНОВ, эксперт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: