Menu

РФ алдындагы КР карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда  берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрда  кабыл алынган.

Протоколдун максаты  – мурда берген кредиттер боюнча  Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы карыздарын жөнгө салуу.

2012-жылдын  20-сентябрындагы Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы  жалпы суммасы  488,9 млн. АКШ доллары карызын  эсептен  чыгаруу жолу менен жөнгө салды.

2013-жылдын 22-майында Россия Федерациясы факт жүзүндө 188,9 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү карызын кечкен. Кечилген карыздын калган суммасы- 300 млн.АКШ доллары Макулдашууга ылайык, 2016-жылдан тартып 2025-жылга чейинки мөөнөттө – 10 жылдын аралыгында эсептен чыгарылмак. 2016-2017-жылдары 60 млн АКШ доллары эсептен чыгарылды.

2017-жылдын 30-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы карыздарынын калдыгы 240 млн. АКШ долларын түзөт. Протоколду  ишке  ашыруу  учурда  Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы карыздарын мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле   бир мезгилде 240 млн. АКШ доллары көлөмүндөгү карызды эсептен чыгаруу  мамлекеттик тышкы карыздын  ИДП карата деңгээлин  3,8 %га  кыскартып,  Кыргызстандын  жалпы мамлекеттик карыздарынын көлөмүнө жакшы таасирин тийгизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: