Menu

Россия 12-майда Талгарбековдун митингин колдогону Кыргызстанга 50 миң эмгек мигрантын жөнөтөт

Бөлүшүү:

Апрелдин кап ортосунан бери Кыргызстанда Бекболот Талгарбеков, Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев, Болоткан Кумаров, Төрөбай Колубаевдер, жетектеген “Элдик парламент” тууралу уу-дуу сөз. 12-апрелде бул бирикме Улуттук китепканада жыйын өткөрүп, 19-апрелде маалымат- жыйын берип, өздөрүнүн максаттары – Алмаз Атамбаевден отчет алып, анан токтоосуз кызматтан кетирүү деп жарыялашкан. “Артыбызда Россия турат, ФСБнын 4 генералы биз менен иштеп жатат, 12-майда Ак үйдүн алдына, Ала-Тоо аянтына 50-60 миң киши жыйналып, Атамбаевдин отчетун алып, анан отставкага айдайбыз. Атамбаев баш болгон 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна берип, кылмыш ишин ачтырып, соттотобуз. Атамбаев 2010-жылы бийликти куралдуу жол менен басып алды. Атамбаевди Россия тарап эки жолу кызматтан кет деди, эки жолу тең кетем деп алдап коюп, алтургай Куранга колун коюп карганып алып да кетпей жүрөт” деп байма-бай интервью беришүүдө.
Акыркы учурларда “Үйүндө, кабинетте, машинада Атамбаевге каршы сүйлөй коюшканы үчүн эле Кубан Кадыровду, Бектур Асановду, Эрнис Карыбековду баса калып, мыйзамсыз эле камап койгон Атамбаев аны публично оор кылмыштар менен айыптап жатышкан “Элдик парламентчилерге” ооз ачалбай олтурганына караганда чын эле булардын артында Россиянын чоң ажыдаарлары турат го” дегендер да көбөйдү.
Эми “12-майда Россиянын ФСБсы Камчатка-Урал-Москва чөлкөмдөрүндө жүргөн 1 миллион мигрант кыргыздан 50 миң кыргызды “Элдик парламенттин” Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтө турган митингине ( чогулушуна) мобилизациялап жатыптыр” деп айтыша баштады. Ошол эле учурда Атамбаев коррупциялык айып менен кызматтан кетирген экс-премьер Темир Сариев ызасын ичине катып, Москвага учуп барып келгени, Чүйдүн экс-губернатору Болоткан Кумаров тынбай Бишкек-Москва, Алматы-Москва, Санкт-Петербург авиакаттамдары менен каттап, Россияда эмгек мигранттары, генералдар менен жолугушуп жаткандары көп ойлорду пайда кылат. Россиядагы “Элдик парламентти” колдогон генералдар Бактияр Алиев, Эсен Топоев, Вячеслав Ушаковдор деген ишенимдүү маалыматтар таркады. Алтургай келе турган 50 миң эмгек мигрантынын тамак-ашын, жатагын даярдап жатышат деген элек сөз эл аралып жүрөт. Кыскасы, 12-май күнү Бишкек тынч болбой калды көрүнөт. Баса, 2010-жылы 12-майда да ФСБнын генералы Бактияр Алиевдин көзөмөлүнүн астында Нариман Түлеев революция жасайм деп аракет кылып ишке ашпай калган. Ошол ишке ашпай калган революциянын юбилейи күнү ФСБчылар реванш алганы жатышабы? Кыскасы кызыктын баары алдыда.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: