Menu

Премьер-министр БУУ аткаруу кеңешинин өкүлдөрүн Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышына чакырды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 3-майдаБириккен Улуттар Уюмунун аткаруу кеңешинин делегациясы менен жолугушуу учурунда меймандардын көңүлүн Кыргызстанда 2016-2017-жылы өткөрүлүүчү ири эл аралык иш-чараларга бурду. Тактап айтканда, ал ушул жылы өтө турган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жана 2017-жылы болчу Ак илбирсти сактоо боюнча саммит тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган иш-чаралар улуттар жана маданият аралык баарлашуу үчүн кайталангыс аянтча катары дүйнөнүн биригүүсүнө кошумча импульс болуусу тийиш.

«Биз Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну дүйнө элдери ортосунда маданий жана улут аралык баарлашуу үчүн жагымдуу аянтчаны түзөөрүнө ишенебиз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун алга жылдыруу максатында кыргыз тарап БУУ Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясынын «Дүйнөдөгү бакубаттуулук үчүн диний аралык жана маданий баарлашууну, өз-ара түшүнүшүүнү жана кызматташууну колдоого алуу” резолюциясына оюндар тууралуу текстти киргизүүнү пландаштырууда», – деп белгиледи Жээнбеков жана делегация мүчөлөрүн аталган демилгени колдоого чакырды. Ал меймандарды 2016-жылдын сентябрь айында өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине катышып кетүүгө чакырды.

«Мындан тышкары, 2017-жылы өтүүчү Ак илбирсти сактоо боюнча саммит өткөрүүнү пландаштыруудабыз, бул дагы дүйнөлүк экосистеманы сактоо боюнча пикир алмашууга мүмкүндүк берет. Дүйнөлүк экологияны сактоо бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларынын бири жана эч качан маанисин жоготпойт», – деп жыйынтыктады өкмөт башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: