Menu

Тажикстанда мамлекеттик ММКларды каржылоо кыскартылды

Бөлүшүү:

Тажикстанда мамлекеттик ММКлардын кызматкерлери үчүн өлкө бюджетинен калем акы берүү токтотулат. Мындай чечимдин кабыл алынышына мамлекеттик бюджеттеги каражат тартыштыгы жана өлкө башчынын кошумча чыгымдарды кыскартуу чакырыгы себеп болду.

Каржы министрлигинен кабарлашкандай, 2017-жылдын бюджетинде журналисттерге калем акы төлөөгө жана мамлекеттик ММКлардын кошумча чыгымдарына каражат каралган эмес. Эми маалымат каражаттары ал чыгымдар үчүн акчаны өз алдынча издеп табышы керек болот. Бийлик мамлекеттик ММКларды каржылоону 15-20% кыскартты. Жыл сайын расмий маалымдоо каражаттарын колдоого бюджеттен 100 млн сомони бөлүнөт. Анын 70% теле жана радиоканалдарга, калганы басылмаларга берилет.

Тажикстанда мамлекеттик бюджеттен каржыланган 10 телеканал, 110 басылма, 7 радио жана бир маалымат агенттиги бар.

Өлкөнүн Каржы министрлиги мамлекеттик басылмалардын редакцияларын текшерип, аларда кошумча чыгымдардын бар экенин аныктаганын билдирүүдө. Буга байланыштуу журналисттердин калем акысы өңдүү чыгымдар үчүн мамлекеттик казынадан акча бөлбөө чечими кабыл алынды.

Мындан ары мамлекеттик ММКлардын штаттагы журналисттеринин айлыгы бюджеттен, калем акылары болсо редакциянын жеке эсебинен төлөнөт. Мурда кабарчылар айлыктан сырткары ар бир даярдаган материалы үчүн ай сайын калем акы алып, ал негизги айлыктан эки эсе көп сумманы түзчү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: