Бүгүн, 8-августта 5-каналдын “Күнөзөк” программасында алып баруучу Керим Айдаров, саясат талдоочу Айданбек Акматов жана саясатчы Бегалы Наргозуев УКМКнын Алмаз Атамбаевди кармоого жасаган аракетинен кийин өлкөдө түзүлгөн жагдайды талкууга алышты.
“УКМКнын атайын даярдыктагы жоокерлеринин командирлери Атамбаевди кармоо боюнча өткөргөн операцияны профессионалдуу эмес, сабатсыз өткөрүштү. Анын айынан бүт дүйнөгө шылдың болдук. Эгер УКМКнын башында Өмүрбек Суваналиев сыяктуу профессионал жетекчи болсо Атамбаевди ызы-чуусуз эле колго түшүрүп, суракка колунан жетелеп эле келип бермек”, – деди экс-депутат Бегалы Наргозуев.
Булак: KyrgyzToday.kg
Видео: 5-канал
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ