Menu

ЖКнын имаратынын жанындагы митинг. “Караван” соода борборунун ижарачылары  менен милициянын ортосунда жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте “Караван” соода борборунун ижарачыларынын митинги өтүп жатат.

100дөн ашуун адам соода борборун электрондук соодадан чыгаруу талабы менен келишти. Буга чейин, нааразычылыктардын бири билдиргендей, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ижара акысын такай алып турса дагы, ижарачыларды жумуштарынан кетирүүнү каалашат.

Митинг учурунда чогулгандар менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Митингчилердин арасында Түркиянын жараны дагы бар. Милиция андан документтерин көрсөтүүсүн суранган, экинчиси баш тарткан.

Көрсө, чет элдик жаран жубайын – “Каравандагы” дүкөндүн ижарачысын колдоо үчүн келген экен. Милиция бөлүмүнө аны алып кетээрде, митингчилер аны кармоого уруксат беришкен жок.

“Караван” соода борбору соттун чечими менен экс-парламентарий жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеевден конфискацияланган. Ал 2017-жылы мамлекеттик менчикке кабыл алынган. Соода борборундагы соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн түшкөн негизги кирешени “Мүлк” мамлекеттик ишканасы алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: