Menu

Коомубуз, турмуш өзү зөөкүр болуп кеттиби?

Бөлүшүү:

Күн сайын бирден шумдуктуу окуя болуп турган биздин заманда ушул жума коомчулук­тун эсин оодарган дагы бир зөөкүрлүктүн бети ачылды. Анда белгисиз эркек жерде жаткан жаш баданы ичке тепкендиги интернетке жарыяланган. Социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан жагдайга өтө каттуу пикирлер айтыла баштагандыктан, мили­ция кызматкерлери анын ким экендигин тез эле аныкташты. Көрсө, бул Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын начальнигинин орун басары Бариер Алиев деген экен жана өзүнүн эки жарым жашар баласын тепкендиги белгилүү болду. Азырынча баланын канчалык денгээлде жабыркагандыгы белгисиз. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги зөөкүр кызматкер жумуштан бошотуларын билдирсе, ички иштер министрлиги “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынгандыгын кабарлады. Укук коргоочулар болсо өз баласын тепкен атаны укугунан ажыратуу талабын да коюшууда. Ооба, өз баласына ушундай жырткычтык мамиле жасаган ата сөзсүз мыйзамга ылайык жазасын алыш керек. Анын мисалы башка да зөөкүр ата-энелерге сабак болууга тийиш. Бирок чоң адамдардын ушунчалык агрессивдүү болуп, күчү жеткен алсыздарга, өзгөчө өзүнүн балдарына кол көтөрүп, уруп-сабап жатышынын себеби эмнеде? Коомубуз, турмуш өзү ушундай зөөкүр болуп кеткен жокпу?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: