Түркмөнстан банктары чет өлкөлөрдөгү банкоматтардан акча алууга чектөө киргизгенден кийин, Стамбулда түркмөн жарандарына караталардан накталай акча чыгарып берүү кызматын көрсөткөн ортомчулар пайда болду.
Ноябрдан тарта түркмөн банктары кардарларынын чет өлкө банкоматтарынан алуусуна уруксат берилген сумманы эки эсеге, суткасына 50 долларга чейин азайтышкан.
«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, Стамбулдун «Капалычарши» районунда Түркмөнстан жарандарынын пластик карталарын чогултуп кетип, бир канча убакыттан кийин акчаларын чыгарып келген адамдар иштеп жатышат.
«Бул мыйзамсыз жаңы бизнес эки тараптын оозеки макулдашуусу боюнча ишке ашат. Пластик карталардан акча чыгарып берген ортомчулар өз кызматы үчүн 25-30%, тагыраагы картадан чыгарылган ар бир 100 доллар үчүн 25-30 доллардан алышат», – деп билдирди ал.
Ошол эле маалда ортомчулардын Түркмөнстан банктары тарабынан киргизилген расмий чектөөлөрдү кантип кыйгап өтүп жаткандыктары белгисиз бойдон калууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ