Menu

Тажикстан Кабулдан чек арадагы окуяны тыкыр иликтөөнү талап кылды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанга расмий нота жөнөтүп, 2-декабрда Шамисиддини Шохин районунда болгон куралдуу кол салууну иликтөөнү талап кылды.

ТИМ маалымдагандай, 2017-жылы 2-декабрда саат саат 19.00 чамасында Шамсиддин Шохин районунун тоолуу Навобод аймагында ооганстандык 12 куралдуу аткезчи чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн. Чек арачылар менен атышуу болгон. Мындан соң кылмышкерлер ооган тарапка из жашырып кетишкен.

Тажикстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинен билдиргендей, мыйзам бузгандар чек арачылардын куралдарды таштагыла деген талаптарын укпай, аларга каршы ок чыгарышкан. Атышуу учурунда командир Ахтамов Хайриддин мерт болгон. Төрт чек арачы жаракат алган.

Куралдуу кагылыш учурунда 3 ооган атекзчиси тындым кылынган.

Тажикстан ТИМи ооган бийлигине нотаны 3-декабрда жөнөттү. Анда күнөөкөрлөрдү кармоо, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоо үчүн ооган-тажик чек арасында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: