Menu

Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Мен экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуудан баш тартканым жок”

Бөлүшүү:

– Исхак Абсаматович, бир жума мурун эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги жөнүндө сөз кылганда, “Эгер мен башкы прокурор болсом бүгүн эле камап коймокмун” деп күпүлдөп жаттыңыз эле, азыр кол тийбестикти алуу жөнүндөгү өзүңүз демилгечи болгон мыйзам долбоор экинчи окууга келгенде каршы болуп жатасыз го. Пикирди өзгөрттүңүзбү?

– Пикир өзгөргөн эмес, мен ошол эле пикиримде турам. Биз берген мыйзам долбоорунда кол тийбестикти алып таштайлы деген сунуш болгон. Азыр экинчи окууда тигилердин сунушу менен кол тийбестик алынбасын, тескерисинче сакталсын деген болуп жатат. Мен ушул пикирге каршымын.

– Кол тийбестикти алуу жолу татаал болсун дегенге каршымын дебейсизби?

– Ооба. Мен экс-президенттерде колтийбестик болбосун, аны алып таштайлы деп жатам. Бүгүн деле Конституция боюнча бир дагы экс-президент эч кандай кол тийбестикке ээ эмес. Бирок Конституциялык палатанын чечими бар экен, анда мыйзамдын 12-беренеси Конституцияга дал келбейт. Бирок, алар “Экс-президентке аракеттеги президент менен тең жоопко тартуу шарттарын бекитиш керек” деген сунуш берген. Конституциялык палатанын чечимин баарыбызга милдеттүү түрдө аткарышыбыз керек. Ошол себептен тигилер кол тийбестикти алууну татаалдаштыруу сунушун берип жатат. Мен Конституциялык палатанын чечимине каршымын. Менин пикиримде экс-президенттерди жоопко тартыш үчүн эч кандай оордошкон жол болбош керек. Кылмыш жасадыбы, жөнөкөй жаран катары жооп берсин. Мен өз пикириме каршы чыккан жокмун. Өз долбоорума каршы эмесмин, башкалардын сунушуна каршымын.

– Ошондо сиз Конституциялык палата берген сунушка каршылыгыңызды айтып жатасызбы?

– Албетте. Алардын сунушу биздин сунушубузга дал келбейт. Биз кол тийбестикти алып салалы десек, алар тескерисинче орнотолу деп жатышат. Кол тийбестик жазылбаган күндө деле экс-президенттин статусун алып салуу боюнча Жогорку Кеңештин үчтөн экиси менен макулдук бериш керек. Андан кийин башкы прокурор корутунду бериш керек болот. Бул Конституцияга дал келбейт деген жеке менин пикирим. Алардын ушул сунушуна каршымын. А калган сунуштар боюнча менин каршы пикирим жок. Бул жерде бир гана берене боюнча каршы пикирим бар. Биринчиден биз эки демилгечибиз, экинчиден биринчи окуудан кийин биз демилгечи болбой калабыз, комитет алып баруучу болот. Биз аны чакырта албайбыз. Же макул же каршы добуш беребиз. Эгерде берене боюнча болсо мен ушуга каршы добуш берем. Мен өткөн жылы Конституциялык палата чечим чыгарганда эле ушундай болот деп түшүнгөм.

Маектешкен: А.Калыкова

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: