Menu

Сегизбаевдин ордун ким басат?

Бөлүшүү:

Абдил Сегизбаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. УКМК төрагасы болуп 2015-жылдан бери иштеп келе жаткан Абдил Сегизбаев 44 жаштын кырында. Буга чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы, 2010-жылдан кийин Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кеңешчиси, УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башчысы болуп эмгектенген.

Абдил Сегизбаевдин аты чуулгандуу “Белгизгейт” жаңжалында көп айтылган. Анда “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери ӨмүрбекТекебаев, аталган фракциянын ошол кездеги мүчөлөрү Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айыпталган. “Ата Мекендин” депутаттары атайын кызматтын бул маалыматтарын негизсиз каралоо катары баалап, четке кагып келишет. Азыркы тапта УКМКнын башына ким келет деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытууда…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: