Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу чараларынын жүрүшүн, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди.
«Бишкек ЖЭБден тышкары да, башка ири долбоорлордун курулушуна алынган насыя каражаттардын жумшалышын текшерүү зарыл. Мисалы, «Түндүк-Түштүк» автожолунун курулушунда да мандем бар. Балыкчы – Корумду жолунун 1 чакырымы 850 миӊ долларга курулуп жатса, «Түндүк-Түштүк» автожолуна 2 млн доллар жумшалууда. Алардын айырмасын карагылачы. Бир катар депутаттар «Датка – Кемин» электр чордонунун курулушу боюнча да маселе көтөрдү. Укук коргоо органдары бул долбоорлордун баарын кылдат текшерип, ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экенин так аныкташы керек», – деди депутат Зиядин Жамалдинов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ