Menu

Таластын Апрель баатырларынан Садыр Жапаровго кайрылуу: Бизге Марат Мураталиевди кайра кайтарып бергиле

Бөлүшүү:

Акыркы үмүт

Биз, Таласттыктар ар-намыстуу, убадага бек, бир муштумдай түйүлгөн, тынчтыкты каалаган, биримдик үчүн тике турган, боорукер калк экенибизди билсеңиздер керек. Бийлик элге өттү. Элдик бийликтин тамыры тереңдеди дедиңер. Мунуңарга рахмат. Акыры тилек орундалды.  Андай болгондо бийлик деген тилек кумга сиңип кеттиго?  Же угулбай жатабы же уккуңар келбедиби? Тоотпой жатасыңарбы? Койчу ошолорду дедиңерби?  Болбосо сайт аркылуу бүтүндөй журт уксун деп, эки жолу кайрылдык. Эми минтип үчүнчү жолу кайрылып жатабыз.

Бизди иштеген адамды колдогонубуз үчүн 2-3 жыл аралыгында көзгө көрүнөрлүк аракеттер болуп жаткан үчүн аны жетектеген М.Мураталиев эч күнөөсүз,  аны бошотуп койгонуңарды айттык го. Ал жаман жетекчи болсо, биз барат элек, аны жоготкула деп, Элге ишенип койсонор, уккула да, бийликти бердиңерби  элге? Анда ишенип койгула да бизге!  Өзүңөр билгендей  азыр көзгө көрүнбөгөн үч “согуш” жүрүп жатат. Бири “кара тумоо” , экинчиси күндөн-күнгө төмөндөп бараткан экономикалык жана саясый кризис!  Ушулар үчүн бүтүндөй аракетин жумшаган, иштерман адамга жардам керек эле да. Ал эл менен бирге ишти жолго коюп, алга жылаар жолду издеген жетекчи эле! Муну бирге жүрүп, биз билебиз да. Эмне биз, силерге, элге душман эмесбиз да. Урматтуулар!  Биз  чыдамдуу элбиз.  Мүмкүн чолоңор тийбей жатабы же тоотпой жатасыңарбы…!

Ал эми бизге, мурда эч жерде иштебеген, жетекчилик жөндөмү жок, калкка тондоосун, чарбалык иштерге түшүнүгү такыр эле болбогон Айбек Бузурманкуловду алып келдиңер. Ал жөн  эле олтурат. Күздүк айдоо, тоңдурма айдоо же келерки жылга кам көрүү токтоп калды. Жок дегенде тоңдурма айдоону күчөтсө болмок. Чыңала түшкөн Талас облусу “шалактап” калды. Бир жагынан кара тумоо, экинчи жагынан кымбатчылык . Ачарчылыкка кептелип калбайлы! Аны ойлогон Талас облусунда жетекчиликтер жок. Талас облусунда бир жарым айдан бери көзгө көрүнөрлүк иш жок.  Урматтуу бийликтин ээси болгон адамдар! Ушундай жетекчи менен келечегибиз кандай болот? Айбек  Бузурманкулов  ушунча эле, керек болсо, аны банк тармагына же айыл өкмөтүнө (катардагы кызмат) алып келип иштетип,  элди, жерди таанытып, келечекке даярдасаңар болмок. Кадрды мындай жол менен тандоо болбойт! Же Таласты “ташка” олтургузгуңар келип жатабы? Узап кете электе, Айбек Бузурманкуловду алып кеткиле! Элдин убалына калбагыла, Садыр Нургожоевич! Аны тарбиялагыла, такшалткыла! Керек эле болсо илгертен айтылган сөз бар, эл коюнун ачып, ишене бербеген,  тосуп албаган жетекчи “жөнсүз” болуп калат! Шашылыш чечкиле! Кийин кеч болот! Эл дүрбөп калышына шек жок! Койгон кадрлар үчүн эң биринчи жооптуу Сиз, өзүңүз экениңизди Садыр Нургожоевич эч убакта унутпаңыз! Өткөн чак, Сизге сабак болуш керек эле! 2010-жылдагы  Манастын ыйык “Кароол чокусунан” согулган добулбас кайталанбасын. “Сактыкта кордук жок”, сак болгонубуз жакшы. Кудайым тынчтык берсин, тилегибиз ошол. Алдыдагы саясий чон компанияга катышпай койгонго түртөсүңөр. Андай болгондо бүтүндөй калк алдында, Силер жооп бересиңер Урматтуулар! Калктын үнү -Теңирдин буйругу! Теңир алдында биз баардыгыбыз  жооптуу  экенибизди унутпашыңар керек! Силерге ийгиликтерди, туруктуулукту каалап, үмүтүбүздү жолдойбуз!  Жооп күтөбүз!

Талас облусунун “Айкөл Ала-Тоо” жарадарлар коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, Апрель баатырлары Рыскулбеков Анарбек, Мадалиев Маратбай, Батырбеков Куттубек жана башкалар…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: