Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, кылмыш иши саясий себептерден улам козголгон.
“Мен Эркин Асрандиевди таанычу эмесмин, ал тургай, анын вице-премьер-министр экендигин деле билген эмесмин. Биз бийликке келгенден кийин, мен биринчи эле күнү вице-прмьерлердин резюмелерин алдым. Санжар Муканбетов менен Эркин Асрандиевдин резюмелерин карап, биринчи вице-премьер-министрликке талапкерлигин сунуштадым. Асрандиев баш тартыптыр. Андн кийин Санжар мырза дагы баш тартыптыр. Анан аппарат бул кызматты Артем Новиковго сунуштады, ал макул болду. Ошентип, биринчи вице-премьерликке Артем барып калды” – деди ал.
“Эркин Асрандиевдин жазганын окудум. Эжем боюнча жазган экен. Мунун өзүнүн толук маалыматы жок, магаоппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Мунун бардыгы саясий буйрук болгон. Бул кылмыш иши жашыруун эмес, барып көрсөңүздөр болот. Эгерде сиздерди кызыктырса, өзүм анын көчүрмөсүн алып бере алам” – деп билдирди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ