Menu

Трамптын уулу Сенатта орусиялык адвокат менен жолугушуусу тууралуу айтып берди

Бөлүшүү:

Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамптын уулу Сенаттын Юридикалык комитетинин мүчөлөрүнө өткөн жылы орусиялык адвокат Наталья Весельницкая менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып берди.

ММК өкүлдөрүнүн катышуусусуз өткөн жолугушуу маалында президенттин уулу өзү жана ал тааныган адамдардын эч кимиси чет өлкөлүк өкмөттөр менен кутумга барбагандыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизги көңүл кичүү Трамптын орусиялык адвокат Весельницкая менен болгон жолугушуусуна бурулду. Бул факты АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан Сенат комитетинин мүчөлөрүн өзгөчө кызыктырууда.

Президенттин уулу орусиялык адвокат менен жолугушуусун шайлоо алдында Хиллари Клинтон тууралуу болгон маалыматтарды топтогондугу менен түшүндүрдү.

Маектешүүгө айрым сенаторлор дагы катышты. Анын жүрүшүндө демократ Ричард Блументал кичүү Трамп Сенаттын комитетиндеги угууларга дагы катышат деген үмүтүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: