Бүгүн, 12-июнда Бишкек шаардык соту депутат Алманбет Шыкмаматовдун кылмыш иши боюнча 2017-жылы 19-декабрдагы Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайрадан тергөөгө артка жөнөттү.
Эсиңиздерге сала кетсек, Башкы прокуратура 2017-жылы 17-февралда мурунку Эсеп палатасынын “Ата-Мекен” фракциясынан шайланган аудитору Алманбает Шыкмаматовго каршы коррупция беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Прокуратура Алманбет Шыкмаматов Эсеп палатасында иштеп туруп, аялына жазылган 10 миң доллардык машинасын Эсеп палатасына 14 миң долларга коррупциялык жол менен саткан деп айыптаган. Биринчи май райондук соту Алманбет Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап 5 млн сом айыппул төлөөгөөкүм чыгарган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ