Menu

Камала турган Бабанов 12 кылмыш иши менен саякаттап кетти

Бөлүшүү:

Бир эмес, 12 кылмыш ишине күбө, айрымдарына шектүү катары УКМК менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына алмак-салмак сурак берип жаткан Өмүрбек Бабанов бир жума мурун жай-баракат эле өзү качып барып бир топ байырлап жашап калган Москвасына учуп кетти. УКМК деле уялбай “ага уруксат” деп койду. Эгер Бабановдон башка бир карапайым адам ушунча кылмыш иши боюнча суралып жатса, аны эчак камап, далай жылга соттоп салышмак. Бизде “колунда токочу бар бала сүйкүмдүү” деген сөз иш жүзүндө абдан ийгиликтүү иштейт. Мансабы, байлыгы барларды ушул сөз сактайт. Анан алар байлыгына таянып алып, чалчактап каалаганын кылып, элге акыл үйрөтүп келишет. Мына ошондой адамдардын ана башында Бабанов турары анык чындык. Мыйзамдын эмес, акчанын өкүмү күч болгон өлкөдө гана ушундай баш аламандыктар байма-бай боло берет. Падыша боло турган адам каршылашын “балапан” десе, ал бир канча убакыттан кийин короз эмес, бүркүткө айланат. “35 коррупционердин” дарегин билем деген падыша андай бүркүттөргө “тиши өтпөй”, алыстан кыйгап өтүп калат экен. Алсыз мамлекетти алсыз падыша кантип өнүктүрөт? Коррупционерлер чартаңбай тээп жүрсө, бардык маселе, өң-тааныштык, акча менен чечилип калса, өнүгүүнүн “ө” тамгасын айтууга болобу, ыя урматтуу Жээнбеков жана урматтан калган Бабанов…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: