Menu

Токмок шаарында үлпөт тойдо 100дөй адам тамакка ууланган

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандардын саны көбөйдү.

Дарыгерлерге кайрылган 93 кишинин 33ү ооруканага жатты. Алардын бирөө бала. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттыкка” уулангандар Кочкор, Токмок аймактык ооруканасында, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатканын билдирди. 39у аймактык ооруканаларда стационардык дарылануудан өтүп жатат. 50дөн ашуунуна амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

– Жандандыруу бөлүмүндө эч ким жок. Керектүү дарыларды алып жатышат. Ашказандары жуулуп, бардык жардамдар көрсөтүлдү. Абалдары “орточо оор” деп бааланууда. Эмнеден ууланганын аныктоо үчүн эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тамак-аштын үлгүлөрү лабораторияга алынды.

Буга чейин аталган министрлик жекшемби күнү Токмок шаарына тойго барган 20 киши ууланганын билдирген.

Маалыматка караганда, жабыркагандар 29-июнда үлпөт тойго барышкан. Жалпы чакырылгандардын саны болжол менен 256 киши экени айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: