Menu

Евгения Строкова премьер-министрге: “Сизге чоң үмүт арттык эле, мындан көрө, Алтынай Сейитбековна экөөңөр гитара чертип-ырдап эле жүрө берсеңер болмок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-март күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Евгения Строкова премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын ишмердүүлүгүнө болгон нааразычылыгын билдирди.

Ал Алтынай Өмүрбекова комитеттин отурумдарына бир нече жолу чакырылганын айтып, мунун бардыгы кенебестиктин натыйжасы экенин билдирди.

“Бизде гепатит боюнча дагы пандемия бар. Алтынай Сейитбековна, сиздин PR (пиар) компанияңыз жакшы иштейт”- деди депутат.

“Эч кандай жоопкерчилик жок. Акырында бардыгы силерди коргоп, колдогонуна көнүп алдыңар. Депутаттар силерди колдош керек. А силер бизди качан колдойсуңар? Сиз дагы, (Алтынай Өмүрбекова) депутат болгонсуз. Биздин дагы артыбызда эл турат” – деди эл өкүлү.

Евгения Строкова өкмөт башчыга кайрылып, ага чоң үмүт артылганын айтты.

“Мухаммедкалый Дүйшекеевич, сизге чоң үмүт арттык эле, мындан көрө, Алтынай Сейитбековна экөөңөр гитара чертип-ырдап эле жүрө берсеңер болмок” – деп катуу айтты.

Булак: “KyrgyzToday.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: