Menu

Фото – Депутат Садык Шер-Нияз туристтик бизнеси, акча алмаштыруу жайлары жана тоо-лыжа базаларын мамлекеттен жашырган

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз кыймылсыз мүлктү ижарага берүүчү “Туркестан” ЖЧКсына ээлик кылганын декларацияда көрсөткөн эмес. Анын бизнес өнөктөштөрү – президенттин экс-кеңешчиси, валюта борборунун ээси, ошондой эле “Оруу-Сай” тоо-лыжа базасынын директору жана “Аквамарин” кичи пансионатынын ээси. Мындай маалыматты Economist.kg басылмасы жарыялады.

Economist.kg жана “Декларатор” долбоору ачык булактар менен депутаттын декларациясын салыштырып, алардан коммерциялык бизнес тууралуу маалыматты табышкан эмес. Депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамга ылайык, эл өкүлү мындай иш-аракеттерди жүргүзүүгө укугу жок.

“Туркестан” компаниясы

“Туркестан” компаниясы 1996-жылдын декабрь айында түзүлгөн, ал эми Юстиция министрлигинде акыркы жолу 2012-жылы декабрда кайра каттоодон өткөн.

Компаниянын үч негиздөөчүсү – депутаттан тышкары, Айнура Өмүрбековна Кутуева жана Курманбек Кубатбеков, ал эми жетекчиси – Аалыбек Ибрагимович Осмонбеков. Алардын ар биринин түрдүү бизнеси бар, кандай гана болбосун “Туркестанга” байланыштуу.

Компания Абдрахманов көчөсү, 144 дарегинде жайгашкан – бул Бишкектеги Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ондогон алмашуу бюролору жайгашкан үй. Негизги ишмердүүлүк – бул кыймылсыз мүлктү ижарага берүү.

Каттоо маалыматындагы телефон номерлеринин бири: 0 (555) 600 065. Дареги жана телефон номери маанилүү, анткени алар бир нече башка компаниялардын байланыш маалыматтарында көрүнөт.

Интернет желесинен компания жөнүндө кеңири маалыматты табуу мүмкүн болгон жок. Жалпысынан Кыргызстанда 10го жакын ар кандай ЖЧКлар катталган, алардын аталыштарында “Туркестан” деген сөз кездешет. Бирок Садык Шер-Нияздын өнөктөштөрү жана алардын бизнеси жөнүндө көп маалыматтар бар.

Интернетте маалыматтын жоктугуна карабастан, “Туркестан” компаниясы иштеп жатканы белгилүү, анткени ал салык төлөйт. 2013-2018-жылдары салыктын суммасы 1 млн 265 миң сомго жеткен.

“Туркестанга” ким ээлик кылат

Депутат Садык Шер-Нияз – КРнын эмгек сиңирген ишмери жана экс-маданият министри, 2012-жылы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө көрсөткөн кызматы үчүн өкмөттүн Ардак грамотасы менен сыйланган. Өмүр баянында айтылгандай, 2004-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн ЮНЕСКОнун атайын алкышын алган жана ошондой эле III класстагы мамлекеттик кеңешчи наамына ээ болгон. Башка бизнеске катыштыгы жөнүндө маалымат жок.

Аалыбек Осмонбеков – “Туркестандын” жетекчилигинен тышкары, ошол эле Абдрахманов көчөсү, 144 дарегинде жайгашкан “Валюта борбору” ЖЧКсына ээлик кылат. 2014-жылдан 2018-жылдын ноябрына чейин бюджетке төлөнгөн салыктын суммасы 1 миллион 413 миң сомду түзгөн.

Айнура Кутуева – “Оруу-Сай” тоо-лыжа базасынын директору. Бюджетке салыктар 2017-жылдын сентябрь айынан тарта төлөнбөй , 2013-жылдан бери 650,4 миң сомду гана түзгөн.

Президенттин экс-кеңешчиси жана генерал-майор Курманбек Кубатбеков Шер-Нияз менен болгон жалпы ишинен тышкары, “ГАРАНТ ПРОФИ” жеке күзөт агенттиги ЖЧКсынын үлүшүнө ээ. Ошондой эле ал “ЗИЛ” тоо-лыжа базасынын негиздөөчүлөрүнүн катарында болгон (ишмердүүлүгүн токтотуу 2016-жылдын 22-июнунда катталган).

Анын жеке күзөт агенттигиндеги өнөктөшү –  Өмүрбек Кутуев, ошондой эле 2000-жылдары президенттин мурдагы кеңешчиси жана Бишкек шаарынын экс-прокурору дагы “Оруу-Сай” базасынын негиздөөчүлөрүнүн тизмесине киргизилген. “Зилге” Кубатбеков мурунку чакырылыштын экс-депутаты Турсунтай Салимов менен бирге ээлик кылган.

“ГАРАНТ ПРОФИ” жеке күзөт агенттигинде салыктын идентификациялык номери жок, ошондуктан агенттик бюджетке канча салык төлөгөнүн билүү мүмкүн болгон жок.

“Аквамарин” кичи пансионаты

“Туркестандын” каттоо документтеринде көрсөтүлгөн уюлдук телефондун номери 0 (555) 600 065, 2GIS программасында ушул эле номер Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жайгашкан “Аквамарин” кичи пансионатынын байланыш номери катары көрсөтүлгөн.

Кичи мейманканын справочнигинде эс алуучу жай тууралуу Айчүрөк Байзакова аттуу колдонуучудан гана пансионат жана тейлөө персоналы “мыкты” экендигин белгилеген бир гана комментарий жазылган. Юстиция министрлигинин маалымат базасында Айчүрөк Сталбековна Байзакова “ГАРАНТ ПРОФИ” жеке күзөт агенттигинин  директору катары көрсөтүлгөн.

Юстиция министрлигинен кичи мейманкананын уюштуруу документтерин табуу мүмкүн болгон жок. Бирок анын Бишкектеги кеңсесине телефон чалып, пансионат А.Кутуевге катталгандыгы аныкталды. Интернет желесинен бул маалымат тастыкталды. Экономика министрлигинин сайтынын ишкердик субъекттерин текшерүү бөлүмүндө “Оруу-Сайдын” директору жана “Туркестандын” биргелешкен ээси катары белгилүү болгон Айнура Кутуева “Аквамариндин” ээси катары  көрсөтүлгөн.

Садык Шер-Нияздын декларациясы

Салык боюнча отчёттуулукка ылайык, эл өкүлү жана эмгек сиңирген маданият ишмери Садык Шер-Нияз депутат катары жылына 830 миң сомдон же айына 70 миң сомдон маяна алат. Депутаттын жалгыз мүлкү – 345 метр чарчы үйү.

Депутаттын жакын туугандарында, ​​көбүнчө анын жубайында кырдаал башкача. Анын тууганы 2016-жылы дээрлик 5 миллион сом иштеп таап, ар кандай көлөмдөгү 13 жер участогуна жана Lexus RX 330 ээлик кылган.

Депутаттын тууганы 2017-жылы 54 миң сом гана иштеп тапкан, бирок ошол эле учурда, ал дагы бир “Lexus” алып жана анын үстүнө “Land Rover” да  кошулган.

2018-жылы ал дагы эле 54 миң сом иштеп тапкан, бирок үч унаасы жок болуп кеткен.

Депутат Садык Шер-Нияздын бир дагы отчётунда “Туркестан” ЖЧКсы тууралуу бир да сөз болгон эмес.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: