Menu

Душанбелик окуучу Гиннесстин рекорд китебине кирүүсү мүмкүн

Бөлүшүү:

Душанбеде мектеп окуучусу Гиннесстин рекорд китебине кирүүгө ниеттенүүдө. Жети жаштагы Эмомхусейн Умаров 11 миң жолу денесин жерден көтөрүү боюнча көнүгүү жасай алат. Ал бул машыгууларды 6 саат 20 мүнөт тыныгуусуз аткарууга кудуреттүү.

Дарыгерлер аны көнүгүүгө чейин жана андан кийин кароодон өткөрүп, Эмомхусейндин ден соолугу таза экенин белгилешти. Спорт дарыгерлери баланын адаттан тыш мүмкүнчүлүктөрүнө таң калышуда.

Алардын пикиринде, каныккан спорчу дагы бир эле учурда 11 миң жолу көнүгүү аткара албайт.

Айрым тажик спорт клубдары Эмомхусейндин мүмкүнчүлүктөрүн угуп, өздөрүнө чакырышууда. Бирок атасы айдоочу болуп иштей турганын, күн сайын аны спорт залга алып барууга убактысы жок экенин айтууда.

«Учурда Эмомхусейн менен өзүм алектенип жатам – бир нече саат эртең менен жана бир нече саат кечинде машыгабыз. Биздин максат –Гиннесстин рекорд китебине илинүү», – деди Раджаб Умаров.

Бирок ал Гиннесстин рекорд китебине жазылуу үчүн кайда кайрылуу керектинин билбейт. Учурда спорт аткаминерлерине жана шаардык мэриядан жардам сурап кайрылды.

Эмомхусейн өзү келечекте Тажикстандын жана дүйнөнүн чемпиону болууну каалайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: