Өмүрбек Текебаев өзү отурган камерага видеокөзөмөл анын уруксаты жок коюлганын, бул анын жеке жашоосуна кийлигишүү экенин Кыргызстандагы Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулаймановго айтып даттангаң. Бул тууралуу Сулайманов: «Буга чейин бизге видеокөзөмөл Өмүрбек Текебаевдин макулдугу жок эле коюлганын айтып, саясатчынын жубайы кайрылган. Биз борбордун бир кызматкерин алып, абакка кирип чыктык. Текебаев видеокөзөмөл 23-январда орнотулганын, эки- үч күндөн кийин алып келишкен кагаздарына кол коюп бергенин, бирок каршы экенин билдиргенин айтты. Текебаев ушул маселе боюнча көмөк көрсөтүүбүздү өтүндү», – деп билдирди. Буга чейин видео көзөмөл саясатчынын коопсуздугу үчүн коюлганы айтылган.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ