Menu

Казакстанда беш жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши тергөө абагында өлгөнү аныкталды

Бөлүшүү:

Караганды облусуна караштуу Сатпаев шаарында беш жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого айыпталып жаткан 62 жаштагы киши 6-октябрда тергөө абагында өлгөн абалда табылды. Бул маалыматты Караганды облустук жаза аткаруу департаменти ырастады.

– Тез жардам бригадасы анын өлгөнүн бышыктады. Алдын ала маалымат боюнча шектүү суицидге барган болушу ыктымал. Текшерүү учурунда маркумдан дене жаракаты табылган жок, – деп айтылат маалыматта.

Быйыл 24-июлга караган түнү Сатпаев шаарында жүздөгөн киши көчөгө чыгып, “батиринде 5 жашар кызды зоруктамак болгон” адамды сотсуз жазалоого аракет жасашкан. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келип, шектүүнү алып кетишкен. Ондогон адам полиция имаратына барып, кызматтык автоунааларды талкалап, автобусту өрттөп жиберишкен. Бийлик абалды таңга маал гана жөнгө салууга жетишкен.

Кийинчерээк бейбаштык айыбы менен бир нече киши кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат бериле элек.

Беш жаштагы кызды уурдоого жана зордуктоого шектелген 62 жаштагы жергиликтүү тургун 26-июлда камакка алынган. Бул окуядан кийин бачабаздарды жазалоону күчөтүү жөнүндө талкуу кайрадан жанданган.

Казакстанда 2018-жылдан тартып химиялык кастрация жөнүндө мыйзам күчүнө кирген. Жаза сексуалдык зомбулук үчүн соттолгондорго карата колдонулат. Кылмыш кодексине ылайык, кастрация күнөөсү сот тарабынан далилденген, 18 жаштан жогорку кишилерге колдонулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: