Menu

Петербургда тажикстандык «элдик генерал» Саид Гози жоголду

Бөлүшүү:

90-жылдары белгилүү дин кызматкери Саид Киёмиддин Гози Стамбулдан Санкт-Петербургга кайтып баргандан кийин жоголуп кетти. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти. Акыркы жолу Гози 21-ноябрь түнчүндө Питер аэропортунан уулуна телефон чалып, аны Тажикстанга депортация кыла тургандыктарын айткан.

Саид Гозинин жубайы Ражабгүл Мусалмонованын билдиришинче, күйөөсүн Санкт-Петербург — Худжанд каттамындагы учакка отургузушкан. Бирок Согди облусунун административдик борборуна конгон учакта ал жок болгон. Туугандарына жолдо ал өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилгенин айтышкан.

Ал ортодо Тажикстандагы «Паём» оппозициялык сайты Санкт-Петербург аэропортунда орус жана тажик атайын кызматтары тарабынан кармалган Саид Гози учурда Худжанддагы тергөө абактарынын биринде камакта экенин жазды.

Жубайынын айтымында, мурдагы дин кызматчысы жайында бутун сындырып алып, дарылатуу үчүн Иранга барып, 21-ноябрь кечинде Стамбул аркылуу Санкт-Петербургга кайтып келген. Ал 2015-жылдан бери Петербургда жашап, өзүнүн кафесин иштетет. Ражабгүл Мусалмонова күйөөсү Тажикстанда дагы, Орусияда дагы издөөдө болбогонун билдирүүдө. Айтымында, ал ислам партиясынын мүчөсү болгон эмес жана көп жылдардан бери саясат менен алектенбей калган.

Саид Киёмиддин Гози 90-жылдары тажик дин кызматчысы катары белгилүү болгон. Ал 1992-жылы коммунисттик режимдин каршылаштары чогулган «Шахидон» аянтында катуу сөздөрдү сүйлөп, ошондон бери өлкөсүндө бейрасмий түрдө «элдик генерал» деп аталып калган. Тажикстанда жарандык согуш башталганда Ооганстанга өтүп, анда Биргелешкен тажик оппозициясы менен кызматташып жүргөн. 1997-жылы тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин өлкөгө кайтып келип, Улуттук ынтымакташуу боюнча комиссиялардын биринин мүчөсү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: