Бүгүн, 12-мартта Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тургундары “1 км жерибиз Казакстанга өтүп кетиптир” деп митингге чыгышкан. Алардын айтуусу боюнча кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Чүй суусу табигый чек ара катары таанылган. Мына ошол суунун кыргыз жээгинен ар ким курулуш иштерине шагыл алып, ташып кете бергендиктен суунун нугу кыргыз тарапка улам жылып олтуруп, 1 километрдей жер жоготконбуз.
Буга жооп кылып КР Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасы демаркация болгонго чейин Чүй суусунун нугу менен бөлүнүп турган, эми демаркациядан кийин ал суунун нугу менен бөлүнбөйт, демаркацияланган чек менен бөлүнөт деп Чым-Коргондуктарды тынчтандырды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ