Menu

ИИМ орун басары Данияр Абдыкаровдун кылмыштуу аракеттерине баа берилбейби?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго!

Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сапар Исаковго!

Сиздерге кайрылуубуздун себеби, бүгүнкү күндө ИИМ ичинде интригалардан, куугунтуктардан өздүк курамдын башы чыкпай калды. ИИМдин ичинде болгону үч гана юрист бар, алардын да башы соттон чыкпайт.

Урматтуу президент! Сиздин акыркы өткөргөн коопсуздук кеңешинде “күч структураларынын коррупцияга аралашкан мыйзамсыз иш аракеттерин коомчулукка массалык маалымат каражаттары аркылуу билдириш керек” деп айткан сөзүңүзгө назар салып, ошонун негизинде төмөндөгү фактыларды негиз кылып кетмекчибиз.

 Акыркы убактарда массалык маалымат каражаттарында жана интернет булактарында ИИМдин оперативдик иштер боюнча орун басары Данияр Абдыкаров жөнүндө терс көрүнүштөр жана далилденген фактылар боюнча маалыматтар чыгып келүүдө. Талдай келсек, КР өкмөтүнө караштуу министрликтердин жана ведомстволордун ичинде ИИМден башка жерде эч кандай интрига жок, себеби ушул Данияр Абдыкаров келгенден бери ИИМ ичинде куугунтуктар, интригалар күчөй баштады.

Президентибиз өз сөзүндө мамлекеттик акчаны ыйгарып алгандарды текшерип,  мыйзамсыз иш аракеттерге баргандарды, айрыкча күч структураларында иштеген жогорку жетекчилердин ишмердигин кайрадан карап чыгып, тазалануу керектигин баса белгилеп кеткен болчу. 2005-жылдын 24-мартында төңкөрүш болуп, коомчулукта мародерлук күч алып жатканда, биздин азыркы жетекчибиз Д.Абдыкаров ошол мезгилде Бишкек ШИИББнын Биринчи Май РИИБнин башчысынын орун басар болуп турганда жеке өз кызыкчылыгын көздөп, кесиптеши, азыркы Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары М.Муктаров жана башка Свердлов РИИБнин кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан “Бител” компаниясын рейдерлик жол менен басып алышканы ачыкталабы? Анын мындай кадамы ошол мезгилде элдин бейпилдигин ойлобой, ушундай кадамга баргандыгы милициянын 1994-жылдын 11-январында кабыл алынган мыйзамга (Закон об ОВД КР) карама-каршы көрүнүш катары саналганычы? Бул шылуундар ошол мыйзамга каршы жасаган аракеттери боюнча сот жообуна тартылыш керек болчу, тилекке каршы, акчанын күчү менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы бизге көндүм болуп калганбы? Ошол убакта болжол менен компанияга таандык болгон 15 млн. АКШ долларын автоунаа менен жүктөп, Дубайга качып кетишкени айтылып келет. Ошол арам акчаларга Д.Абдыкаров Дубай шаарындагы алган квартирасы жана ал жакта ачып койгон бизнеси бүгүнкү күндө буга далил боло аларын күч органдары неге иликтебейт? Эми анан ушундай адамга жогорку кызмат берген биздин Акүйдөгү кээ бир үлкөндөргө уят! Себеби, ар бир жетекчини жогорку кызматка коёрдон мурун ал маселе коопсуздук кеңешинде каралып, УКМК тарабынан бул кишиге карата компромат барбы-жокпу текшерип туруп, анан дайындалыш керек да. Эмне үчүн 2010-жылдын 7-апрелинде Таласта төңкөрүш болгондо Д.Абдыкаров өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерин таштай качып, курал-жарактарды алып чыгып кетпей талатып-тоноткондугу үчүн ошол мезгилде башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен иш козголуп, жоопко тартылган эмес? Себеби ошол мезгилде Д.Абдыкаров Талас ОИИБ башчысынын убактылуу мидетин аткарып турган. Бул кылмышы үчүн жоопко тартылбай калгандыгынын себеби, ошол мезгилде убактылуу өкмөттүн мүчөсү, генерал Кеңешбек Дүйшөбаевдин кийлигишүүсү аркылуу ишин бүтүрүп алгандыгы факт болуп эсептелеби?

2010-жылы төңкөрүштөн кийин Кеңешбек Дүйшөбаев аркылуу УКМКнын тыңшоо бөлүмүнө дайындалып, андан сон Жайыл РИИБнин башчылыгына жөнөтүлөт. 2015-жылы Мелис Турганбаев тарабынан ИИМдин 7-башкы башкармалыктын ичиндеги башчылыкка дайындалгандан кийин тымызын ошол мезгилдеги ИИМ орун басары Калыбек Сатыбалдиевдин телефонуна тыңшоо коюп, Мелис Турганбаев экөөнү уруштуруп, анан өзү бул орунга келгени да факт! Ошондо М.Турганбаевди сатып кеткендигин баары билишет. Улан мырза Исраилов, эске алып коюңуз, сизди деле бир күнү сатып кетет!

Акыркы убакта кымбат баалуу автоунаалардын Россиядан уурдалып келингени дал ушул Д.Абдыкаров тарабынан көзөмөлдөнүп, ар бир автоунаадан 2000 доллардан алып келгендиги ырасталабы? Фактынын негизинде тастыктап кетсек, 2017-жылдын декабрь айында интернет булактарына жарыяланган чуулгандуу кымбат машинелердин Россиядан уурдалган фактылары боюнча ИИМдин басма сөз кызматы аркылуу макала чыккан болчу. Ал макалада көрсөтүлгөндөй, “37 машине аныкталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө” деп айтып келишкен. Бул аныкталган фактылар боюнча ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, ИИМдин КИББ (ГУУР) опер кызматкери, милициянын подполковниги Улан Акбаров жана Чүй ОИИББнын МАИ кызматкери, милициянын сержанты Максат Асранкулов кармалып, сурак беришүүдө.

Бул чуулгандуу окуялардын башталышы төмөндөгүдөй: 2016-жылдын июнь айларында У.Акбаров маалыматтын негизинде Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндө жайгашкан №37 үйдүн короосунда уурдалган кымбат баалуу “Тойота Лэндр крузер 200” жана “Лексус 570” үлгүсүндөгү автооуналардын токтоп тургандыгын текшерүүгө алганда, ал үй Данияр Абдыкаровдун үйү болуп чыгып калып, тергөө иштери аягына чыкпай калганы далилденеби? Бул былык иш билингенден кийин Улан Акбаровго жана ошол мезгилде ИИМдин КИББ автоунаа уурдоо бөлүмүнүн жетекчиси Улан Акматовго жана Максат Асранкуловго карата Д.Абдыкаров тарабынан куугунтук күчөтүлүп, өзүнүн конкуренттерин жок кылуу максатында ушундай жагдайлар пайда болгону айтылууда.

Урматтуу президент жана УКМК төрагасы! Жогорудагы кылмыш ишин көзөмөлгө алып, тергөө амалдарын УКМКнын тергөө бөлүмүнө алсаңыздар, бул былык иштер ачыкталып, жогоруда аты аталган кызматкерлер чындыкты айтып берүүгө даяр. Азыркы күндө бул тергөө амалдарынын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин бир депутатынын жана бир мамлекеттик чиновниктин автоунаалары тартылып алынгандыгы кандай? Маалыматка ылайык, Д.Абдыкаров тарабынан 2016-жылы 116 уурдалган кымбат баалуу автоунаалар чек ара аркылуу киргизилген беле? Бул жерде Абдыкаровдун ушул бизнестеги өнөктөшү, Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан “Чайна Тау” кафесинин ээси Рустам аттуу жаран дал ушул былык иштер боюнча качып жүргөндүгү тууралуу кенен маалыматты кийинчерээк тастыктала турганын күтүп атабыз…

Урматтуу президент! 2018-жылдын 15-февралында “Азия Ньюс” гезитине жарык көргөн макалада далилдүү фактылар менен көрсөтүлгөн Данияр Абдыкаровдун уюшкан кылмыштуу тобунун бети ачылган болчу. Эмне үчүн сиз бул макалага басым жасаган жоксуз? Бишкек шаарынын Медеров көчөсү, 37де жайгашкан хансарай, Ысык-Көлдүн “Ак марал” пансионатындагы баасы 300 миң долларлык коттеджи жана Бишкек шаарынын “Киргизия” шаарчасындагы баасы 1 млн.  долларлык хансарайы тууралуу ачыктап берсе да эч кандай реакция болгон жок. Анда сиздин коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүңүз курулай эле сөзбү? Жогорудагы “Азия Ньюс” гезитине чыккан макаланы “Гезиттер орг” сайтына басып чыгарбоо үчүн Д.Абдыкаровдун кишилери ортого киши салып жатып, 2000 доллар бергендиги маалымдалууда. Эгер жогорудагы макала “Гезиттер орг” сайтына жарыяланып калса, окурмандар тарабынан жана опер кызматкерлер тарабынан бул кишинин былыктары билинип, башка орус тилдүү соцтармактарга жайылмак. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жашыруун иштеп келаткан беш кумар ойноочу жайга Д.Абдыкаров жана Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары М.Муктаровдор “крышовать” эткени ШИИББ кызматкерлери айтып атышса не дейбиз? Акыркы коопсуздук кеңешиндеги сындан кийин Бишкек шаарынын Аэропортская көчөсүндө жайгашкан мурдагы “Эльдорадо” казиносу билинип калып, жаптырып коюшту. Калган үч казино – Ленин районунда жайгашкан Ош базарынын тегерегинде бүгүнкү күндө М.Муктаровдун жеке көзөмөлүнүн алдында иштеп келгеничи? Себеби, буга чейин ШИИББнин опер кызматкерлери текшерүүгө алса, М.Муктаров телефон чалып кыйкырып, тийгиздирбей келгендиги эмнеси? Ушул эле Д.Абдыкаров жана И.Муктаров Бишкек шаарында жайгашкан “Мадина” базарынын жетекчилигинен айына 15 миң доллар алып турганы аныкталабы? Ал жерде иштеген кытай жарандары визасыз келген, аларды текшерүүгө алган Бишкек ШИИББнин 10-бөлүмдүн миграцияга каршы бөлүмүнүн кызматкерлерине М.Муктаров тарабынан тыюу салынып келгенин жашырышпайбы? Бул жерде далил катары айта кетчү маселе, азыркы күндө “Мадина” базарынын жетекчилигине ЭККБ (ГСБЕП) тарабынан кылмыш иши козголуп, текшерүү учурунда өзүн кытай ишкери деп тааныштырып кеткен А.А. аттуу жаран буга чейин М.Муктаров тарабынан кысымга алынып, сураган акчасын бербей койгондо, 2017-жылдын ноябрында Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан “постанова кылып иш козгойбуз” деп 100 миң доллар талап кылынып, бирок акчаны бере албай койгондо “пара сунуштады” деген берене менен ЭККБ кызматына өткөрүп бергени тастыкталабы? Бул кытай жаранынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары аныгына чыгабы? Бул фактылар боюнча көз карандысыз комиссия түзүлүп, Бишкек ШИИББнин өздүк курамына келсе, жашыруун анкетанын негизинде10-бөлүмдүн кызматкерлери айтып берүүгө даярбыз, бирок, тилекке каршы, мындай аракет көрүлбөй келет да? Биз буга чейин ИИМдин дарегине жашыруун (анонимдик) кат менен бир нече жолу кайрылганбыз, бирок жооп болгон эмес. Себеби, аларды Д.Абдыкаров көзөмөлгө алып турган. Азыр Бишкек ШИИББге көз карандысыз комиссия коопсуздук кеңеши тарабынан түзүлсө, баардык чындыкты айтууга даярбыз.

Бүгүнкү күндө “ИИМ ичинде кадр маселесин Д.Абдыкаров чечип калды” десе кээ бирлери ишенбей келишет. Мейли чечсин, бирок таза, ишбилги кадрларды дайындаса эч кандай сын пикир айтылмак эмес. Мисал катары бул киши дайындаган кадрларга токтолуп кетели.

2016-жылы Жалал-Абад ОИИБ башчысы, мыкты инсан, жогорку деңгээлдеги жетекчи Ж.Жоробеков жалган көрсөтмөлөрдүн негизинде Д.Абдыкаров тарабынан жумуштан алынып, ал орунга ошол эле Д.Абдыкаров тарабынан Акыл Мамасеитов  дайындалат. Бул эргул 2003-жылы Октябрь РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө опер кызматкер болуп иштеп туруп, мас абалында Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан «Мэри» клубунда бармен болуп иштеген баланы пивонун кружкасы менен башка чаап, ошол жерден изин суутуп кеткен. Жабыркаган бала комага түшүп, эки ай бейтапканада жатып, жабырлануучунун арызынын негизинде  башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү, 304-беренин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, А.Мамасеитовго издөө жарыяланган. Бул шылуун издөөдө жүрүп, ошол кездеги “Мэри” клубунун ээси, белгилүү меценант Бозулан Мамазаировго (“Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутат Махабат Мавлянованын мурдагы күйөөсү) жалынып-жалбарып, бул иштин бетин жапканы чындык.

2004-жылы кайрадан жумушка орношуп, 2006-жылы Бишкек ИИББнин Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеп турганда, Ахунбаев көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайдан акча уурдалганы тууралуу арыз түшүп, көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр кармалып, уурдалган 93 миң АКШ долларын үйүнө катып койгонун Мамасеитовго айтканын, бирок ал акча кийин жок болуп кеткени билинип калып, жабырлануучу тарап прокуратурага кайрылып, ал жерден Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш кодексинин 164-берененин 3-бөлүмү, 304-берененин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголот. Бул факт боюнча ошол мезгилдеги РИИБнин орун басары Аслан жана эки опер кызматкер жоопко тартылып, сот чечим чыгарып, А.Мамасеитов М.Конгантиевдин (ал кезде Бишкек ШИИБни жетектеп турган) кийлигишүүсү менен сот жообуна тартылбай калат. Себеби, бул эргулдун апасы ал мезгилде Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп турганда Конгантиевдер менен үй-бүлөлүк жакшы карым-катнашта болуп, ошол мезгилде Камбаралы Конгантиев башкы прокуратураны жетектеп, бул ишке таасирин тийгизип, жоопко тартылбай калган. Мына, силерге далилдүү факт!

Урматтуу жогорку жетекчилик! Бүгүнкү күндө ошол иште опер кызматкерлердин А.Мамасеитовго карата көрсөтмөлөрү бар жана азыркы убакытка чейин айтып келишет.

Д.Абдыкаровдун дагы бир кадры, азыркы убакта ИИМдин БЗКББ баңгизаттарга каршы башкы башкармалыгынын башчысы Ильяс Бакиров тууралуу. Д.Абдыкаров жана Бишкек ШИИБнин оперативдик иштер боюнча орун басары М.Муктаров жакында эле жашыруун “Телегра” сайты аркылуу 2018-жылдын 14-февралында ИИМ орун басарлары Курсан Асановго, Сүйүн Өмүрзаковго ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаевге карата жалган маалыматтарды Бишкек ШИИББнин кызматкерлерине көрсөтмө берип, “соцтармактарга жайылткыла” деген тапшырмалары билинип калганы кандай?

Ильяс Бакиров бул кызматка 2018-жылдын башында Д.Абдыкаров тарабынан сунушталып, дайындалган. Бул киши менен Д.Абдыкаров 2003-жылдары ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында чогуу иштешкен. Ал бул кызматка чейин түштүк башкармалыгында иштеп турганда 2017-жылдын 3-ноябрында Баткен облусундагы Лейлек районунун аймагында УКМК тарабынан Манас Оморов аттуу опер кызматкер Ильяс Бакировдун кол алдында иштеген баласы 56 кг салмактагы баңгизаты менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, КР Кылмыш кодексинин 246-247-беренелеринин негизинде отургузулат. Бүгүнкү күндө кармалган М.Оморов дал ушул И.Бакировго көрсөтмөлөрүн берип, И.Бакировдун тапшырмасынын негизинде жалган документтер түзүлүп, баңгизат алынып келе жатканы тергөөнүн жүрүшүндө  далилденди. Буга эмне үчүн Данияр Абдыкаров үн катпайт? Эмне, эч ким билбей калат деп жатат го? И.Бакиров сотко эки жолу катышты. Соттогу көрсөтмөлөрүнүн негизинде И.Бакиров бул ишти өзү көзөмөлдөп келгенин соттолуучу тарап айтып  жатканын эч ким тана албайт.

Бүгүнкү күндө Д.Абдыкаров тарабынан баңгизаттарга каршы түштүк башкармалыкты жетектеген Алмаз Жайчибеков Данияр Абдыкаровдун Биринчи Май РИИБде кол алдында иштеген опер кызматкери болчу. Азыркы кезде дал ушул эргул тарабынан көзөмөлгө алынып, тонналаган баңгизаттар келип жатканы сокур адамга деле белгилүү эмеспи? Жакында ушул башкармалыкка Д.Абдыкаровдун курсташы, Ошто “Башкы наркобарон” деген каймана аты бар Талант Ташиев аттуу жигиттен 10 миң АКШ долларын алып, аны бөлүм башчылыкка койгонун Ташиев өзү эле айтып жүргөнүн кантесиң? Булар далилденген фактылар да, туурабы?

ИИМдин түштүк аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын башчысы Малик Абсаматович Нурдиновго артынан 7-башкармалыктын кызматкерлерин аңдытып, телефонун тыңшоого алып, ички коопсуздук кызматкерлерге тапшырма берип, “М.Нурдиновдун өзүнүн туулуп өскөн айлына мечит салдырганы тууралуу компромат таап келгиле. Айылына барып сүрөткө тартып, материал чогулткула. М.Нурдинов кайсы акчага мечит салдырганын изилдеп келгиле” дегени чындык! Андан көрө өзүнө суроо бербейби: “Мен кайсы акчага Медеров көчөсү, 37деги үйдү сатып алдым? Кайсы акчага “Ак марал” пансионатынан коттедж сатып алдым? Кайсы акчага борбордон беш квартира алдым? Кайсы акчага “Киргизия” шаарчасынан 1 млн. долларлык хансарай салдым?” деп. Муну текшерген кызмат жокпу, же ал баарын колго алып койгонбу, Сегизбаевди баш кылып? Нурдинов мечит салса салгандыр, бир туугандары менен. Аны көралбастыгын Д.Абдыкаров ачык эле билдирип койду. Бүгүнкү күндө Д.Абдыкаров кылмышкерлер менен күрөшпөй эле кол астындагы кызматкерлер менен күрөшүп калды.

Дагы бир былыгы – Ош ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги М.Бороновдун артынан 7-башкармалыктын кызматкерлерин аңдытканда аны байкап калышып, алардын шермендеси чыгып, алар Д.Абдыкаровдун тапшырмасы менен жүрүшкөнүн айтышкан. Эмне, бул жетекчилер кылмышкерлерби? Дагы бир былыгы – ИИМдин баңгизаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары Матмусаев Бакыт Амановичке карата тапшырма берилип, кызматтан алып, анын ордуна өз кишисин коюу максатында ИИМдин ички коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен 7-башкармалыктын кызматкерлери биргеликте жумуш ордуна келишип, бир канча жолу текшерүү жүргүзүп, кызматтык машинесин бербей, тартып алгандарын ошол жерге барган кызматкерлер Д.Абдыкаровдун буюртмасы менен келгендигин айтышканы кандай?

Урматтуу президент! Данияр Абдыкаровдун так милдети оперативдик иштер боюнча орун басар болгондон кийин төмөндөгү жана жогорудагы далилденген фактылар боюнча бул кызматта отурууга моралдык укугу барбы? Бул суроого ким жооп берет? Д.Абдыкаров жооп бере албайт, себеби далилденген фактылардан коркот! Кыргыз милициясынын тарыхында болбогон окуялар дал ушул кишинин койгон кадрлары тарабынан жасалганы өкүндүрөт.

2017-жылдын 18-октябрында уурдалган машинелер боюнча ИИМдин ККББ (ГУУР) ичинде кармалышкан уюшкан кылмыштуу топко каршы башкармалыктын башчысынын Дамир Давляновдун АКС тарабынан кармалганы, көп өтпөй кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Нурмат Болпоновдун кол алдында иштеген үч опер кызматкеринин көп суммадагы пара алгандары билинип калып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына отургузулганы боюнча бул ишке түздөн-түз тиешеси бар жетекчинин өз ыктяры менен кеткендиги өкүндүрөт. Жакында бир чуулгандуу окуянын күбөсү болосуздар, Д.Абдыкаров тарабынан азыркы Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын акчалуу депутатынын артынан аңдуу жүрүп, телефондорун тыңшап, аны ойноштору менен кармап, андан көп суммадагы акча талап кылган фактыны ачыкка чыгарабыз.

Ушундай терс көрүнүштөр далилденип турса да Данияр Абдыкаров жөнүндө биздин министрдин үн катпаганы өкүндүрөт!

Аттарын атагысы келбеген ИИМ кызматкерлери

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: