Menu

Ушак жазуу Кадыркул Даутовго аброй алып келбейт

Бөлүшүү:

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетинде моралдык-психологиялык атмосфера жакшы эмес. Факультет бир уй-бүлөгө окшоп ынтымактуу жашаганда гана ийгилик жаралат. Б.Жайлообаев андай иштиктүү, «оору-сыркоосуз» жакшы атмосфера түзө алган жок. Ал буга кызыкдар да эмес. Максат – азыр ар кандай себептер менен эл-журтка терс жагынан маалымат таратып, факультеттин беделин түшүрүүдө эмес, факультетти жалпы күч менен колдон келишинче алдыга сүрөп, убагында көрүнүктүү окумуштуу-педагогдор: Б.Юнусалиев, К.Юдахин, К.Карасаев, К.Сартбаев, К.Асаналиев, К.Иманалиев, Ж.Мукамбаев, К.Артыкбаев, М.Борбугулов, Б.Алымовдор ж.б. иштеген илим-билим очогунун кедери кетип баштаган кадыр-баркын болушунча кетермелееде турат. Муну ишке ашырууда «ишенимдүү» деп эсептелинген айрым топтун эмес, жалпы коллективдин кызыкчылыгы кеңүл борборуна коюлушу керек.

Бакыт Жайлообаев өзүбүздөн бүткөн жаш окумуштуу. Адамдарга катуу сөз айтпаган, мүнөзү жумшак адам. Бирок, жетекчилик тажрыйбасы да, жөндөмү да жетишсиздей, анүстүнө группалык кызыкчылыктын чегинен чыга албай жаткандай.

К.Даутов менен А.Медетовдун жакалашып калган чатагын териштирген КУУнун этикалык комиссиясынын отурумунда анын бир топ авторитеттүү мүчөлөрү факультетте эле бүткөрүп койчу ишти ал аңгазардай чууга айландырып, декан катары өзү баш болуп доцент А.Медетовду жамандап ректорго кат жазып, гезиттерге чуулдаган макалаларды ташып журушу – бул факультеттин жетекчисинин кыла турган иши эмес экендигин айтышкан. Андан жыйынтык чыктыбы? Жок. Андан бери атмосфера оңолмок турсун ого бетер татаалдашып, тымызын да, ачык да жаатташуу күч алып баратканы айгине. Мунун өзү факультеттин ишин артка тартып, көп жумуштар жасалбай, же туура эмес жолго салынышына алып келүүдө. Учурда факультетте жогорудагы чырга эч тиешеси жок кишилерди да эл-журтка жаманатты кылууну көздөгөн иштер дале улантылып жатканы өкүндүрөт.

Адабиятчы-окумуштуу, белгилүү сынчы, кыргыз жазуучуларынын арасында кадыр-баркка ээ болгон, ондогон омоктуу эмгектерди жазган Кадыркул Даутовдун соңку журум-туруму, иш-аракеттери, жарыялаган макалалары, ар жерде сүйлөгөн сөздөрү адабиятчынын, баарыдан мурда өз аброюна шек келтирип, коомчулуктун таңкалуусун, өкүнүүсүн жана көңүл калуусун жаратып келет. Фактыга кайрылалы. «Азия News» гезитинин 2019-жылдын 21-февралындагы №7 санына К.Даутовдун «Бетиң жаппай, ачык койчу, калпычы, адатыңча барды-жокту алмаштыра тантычы» аттуу көлөмдүү макаласы жарык көрдү.

Макаладагы негизги «каармандар» А.Садыков, А.Медетов жана Б.Байсабаев. Бул макаладагы мага, Б.Байсабаевге тиешелүү маалыматтарга гана кыскача жооп берейин.

«Кандидаттык диссертациялык ишин ар кимге эптеп жаздырып алган» деген жалаа коюлган. Бул жөнөкөй, карапайым адамдын эмес, эл жазуучусунун дооматы. Эгерде К.Даутов чындыгында эле принципиалдуу, чынчыл окумуштуу болсо, айтканына далил, факты келтириши керек эле. Ал – жок. Болушу да мүмкүн эмес. Демек, бул – карандай каралоо, жалаа.

Ушундай эле жол менен К.Даутов мага «А.Медетов менен болгон чатагынын да «сценарийин» жаздырып, режиссерлук кылган» деген жалаа жапкан. Эгер чындап эле ал ишке «режиссер» болсом, «ойногондор» К.Даутов менен А.Медетов болуп жатпайбы. Демек, ал чатакты К.Даутовго да мен үйрөткөн болуп калам. Ошондой эле бир катар илим докторлоруна каршы басма беттеринде макалалардын жарыяланышын да мен уюштурган болуп жүрөм. Факты, күбө же ал маалыматты тастыктаган башка материалдар барбы? Албетте жок, болбойт дагы. Мага коюлган баардык дооматтары – аялдардын ушагынан өйдө көтөрүлө албаган каралоолор.

К.Даутов мен жөнүндө дагы макалаларды жаза тургандыгын белгилептир. Мейли жазсын, менден кемчилик кетсе, туура эмес иштер болсо, эл жазуучусунун, абройлуу адабиятчынын бийиктигинен туруп, далилдери менен ынанымдуу фактыларды келтириши керек. Ушак айтуу, ушак жазуу Кадыркул Даутовго, белгилүү адабиятчыга аброй алып келбейт.

Бектурсун Байсабаев, филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысы
Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: